Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Ооганстанда 3 офицер окко учту


Ооганстандын расмий өкүлдөрү маалымдагандай, наркотиктерге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери бараткан автомашина минага кабылып, 3 офицер мерт кетти, 2 жаракат алышты. Бөлүмдүн башчысы генерал Саид Камал Садат окуя кечээ Кунар вилаейтинде болгонун билдирди.

Офицерлер апийим өстүрүүгө көзөмөл салган топтун мүчөлөрү болчу.
Башка бир унаада бараткан полициялар кол салуудан аман калышты. Генерал теракт наркоаткезчилердин колунан келген карасанатайлык деди.

Былтыр Ооганстан дүйнөдөгү апийимди жашыруун өстүрүүнү 87 процентке жеткирген. Өкмөт донор-мамлекеттердин жардамы менен баңгизаттарды өстүрүүгө каршы чара көрө баштаган эле. Бирок апийим талааларын жок кылуу аракети жергиликтүү дыйкандардын катуу каршылыгын жаратууда.

XS
SM
MD
LG