Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Түркия премьер-министри Жакынкы Чыгыш жаңжалын жөнгө салууга арачы болуу ниетин билдирди


Бүгүн Израилдин президенти Моше Катцав менен жолугушуу учурунда Эрдоган Анкара региондогу тынчтыктын гаранты болууну уланта берүүнү каалайт деди.
Кечинде түркиялык премьер жөөт өкмөт башчсы Ариэль Шарон менен да кездешмекчи. Эрдогандын бүгүн башталган Израилдеги сапары тараптардын өз ара алакаларын жакшыртууну көздөйт.

Анкара менен Тель-Авивдин мамилелери былтыр салкындай түшкөн эле.
Эрдоган Хамас тобунун диний башчысы Шейх Ахмед Яссиндин өлтүрүлүшүн терракт деп сыпаттап, Израиль аскерлеринин Рафах качкындар лагериндеги жортуулун мамлекеттик террор деп атаган. Анын мындай комментарийлери Израилдин ачуусун келтирген. Сапардын алдында жергиликтүү гезиттердин биринде жарыяланган маегинде Эрдоган анын сөзү дос өлкө тарабынан айтылган ачык сын болчу деди.

Эртең Түркиянын өкмөт башчысы Рамаллада Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас жана премьер-министр Ахмед Кореи менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG