Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

Дүйнө 1-май майрамын белгиледи


Москвада 20 миңге жакын киши демонстрация өткөрдү. Коммунисттер жана оппозициядагы башка партиялар Ленин, Сталиндин сүрөттөрүн, Советтер союзунун желектерин көтөрүп чыгышты.

Түркияда жумушчулардын тилектештик күнүндө демонстрацияларга тыюу салынганы менен, бир нече киши жүрүш жасашты. Полиция 47 кишини кармап кетти.

Бангладеште да жумушчулар минималдык маянаны көтөрүүнү, завод-фабрикалардагы коопсуздкту чыңдоо талабын коюшту.

Ирактык жумушчулардын чакан тобу да Багдадда эмгек майрамына карата демонстрация уюштурушту.

Нью-Йоркто бүгүн Ирак согушуна каршы жана өзөтүк куралды жок кылууну талап кылган акция өткөрүлмөкчү.

Берлинде болсо 1-май демонстрациясынын катышуучулары менен полиция ортосунда кагылышуу чыгып 65 киши камакка алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG