Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Иракта коңулдан чыгып кол салуудан 9 киши мерт кетип 21 адам жарадар болду


Бул жөнүндө жергиликтүү полиция маалымдады.
Багдаддагы техникалык окуу жайынын жанында жарылган бомба америкалык жасоолду бутага алган. Анын жарылуусунан 4 карапайым киши ажал тапты.
Жарадар болгон полиция Тамер Абед кол салуу жөнүндө:

-Биз текшерүү пунктунда болчубуз. Бир убакытта беттери чүмбөттөлгөн кишилер ок ачышты. Биз аларга жооп кайтардык. Андан кийин кол салгандар бизди курчап алышты. Эшикте турган эки полицияны дароо баштарына атып салышты. Биз чатырга чыгып кеттик. Менин бутума ок тийди. Жанымдагы кесиптешим болсо ок жеп, чатырдан кулап түштү.

Америкалык аскерлердин арасындагы жоготуулар же жабыркагандар тууралуу маалыматтарда айтылган жок.

Ушул эле күнү Багдаддагы посттордун биринде козголоңчулардын колунан 5 полиция ажал тапты.

Анын аралыгында, АКШ менен Ирактын аскерлери бүгүн козголоңчулардын шектүү жайларында биргелешкен операция өткөрүштү. Анын натыйжасында, британиялык гуманитардык кызматкер Маргарет Хасандын өлүмүнө тишеси бар деп болжолдонгон бир нече киши колго түшүрүлдү.

XS
SM
MD
LG