Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

ТУРСУНБЕК ЧЫНГЫШЕВ: «ТАЛАПКЕРЛЕР ЭКИ МАСЕЛЕ БОЮНЧА АНТ БЕРҮҮСҮ ЗАРЫЛ»


Сапар Орозбаков, Бишкек 10-июлга белгиленген президенттик шайлоо өтө курч болот деп болжолдонууда. Ыңкылаптан кийин жакшы турукташып бүтө элек Кыргызстан президенттик шайлоодон кийин түндүк-түштүк болуп ыдырап кетпейби деген суроо көптөрдү түйшөлтүүдө. Kабарчыбыз өлкө эгемендүүлүк алгандын алгачкы жылдары өкмөттү башкарган, азыр Ысыккөл фондусун жетектеп турган Турсунбек Чынгышев менен маек курган.

- Турсунбек Чынгышевич, 24-мартта мен сизди аянттан көрдүм эле. Сиз ошол күнү бийлик алмашып кетет деп ойлодуңуз беле?

- Албетте, жок. Бул митингди уюштурган жетекчилер да мурун «мөөнөтсүз митинг өткөрөбүз, Акаев кетмейинче биз аянтта тура беребиз» деп айтышпады беле. Мен 24-мартта митинг башталгандан тартып аягына чейин аянтта турдум. Ак үй алынганда да ошол жерде болдум. Ичине да кирип көрдүм. Бул мындай болуп кетерин эч ким күткөн эмес. Бирок ошол митингди уюштуруучулар, Координациялык кеңештеги адамдар эл көтөрүлүшүнүн варианттарын эсептеп чыгышы керек эле. Биринчи варианты – жанагыдай, Акаев кеткенче, 1 күн болобу, 5 күн болобу, 10 күн болобу ошол жерде тынч митинг өткөзүп туруу. Экинчи варианты – кокустан чатак чыгып, жанагыдай Ак үйгө чабуул болуп кетсе, эмне кылыш керектиги эске алынышы керек болчу. Ал эске алынбай, Ак үй тонолуп, анда иштегендердин бир тобун сабап, кубалап чыгышты. Ошол түнү жана кийинки түнү талап-тономой болуп кетти. Бүт дүйнөгө уят болдук. Ошого даяр болуш керек эле. Канча адам кыйынчылыкка дуушар болду!. Канча эл жанталашып жүрүп маңдай тери менен эптеп тапкан тыйынан айрылып калды!

- Азыр делде абал татаал бойдон калып жатпайбы. Сиздин оюңузча, ушул шартта эмне кылыш керек?

- Азыркы учурда бир гана нерсе жетишпей турат. Бийликтин чечкиндүүлүгү болбой жатат. Мен муну айтып жатканым, жер басып алуу жалгыз эле Бишкектин тегерегинде эмес, башка региондордо да болуп жатат, Көлдөн да ушундай маалымат түшүп атат. Түштүктө да эмне болуп жатканын угуп атабыз. Бир нече адам чогулуп алып жетекчилерди отурган жеринен кубалап чыгып, өз кишилерин коюп атышат. Өз кезегинде берки кеткен кишинин да жактоочулары келип, тигини айдап чыгып, ушунтип ушу убакка чейин эле чакчелекей болуп атат. Мени өтө тынчсыздандырган нерсе – криминалдык структуралардын күчөп кетиши. Биздин республикада мурда милициянын алы жетпей жүргөн 10-15 криминалдык топ бар эле дешет. Ошолор азыр күч алып кетишти. Ушинтип жүрүп отрусак, криминалдык мамлекет болуп кетебиз. Бүгүнкү күнү бийлик лeгитимдүү эле болду да. Премьер-министр мыйзам чегинде Жогорку Kеңеш тарабынан бекиди. Конституцияга ылайык ага президенттин милдетин аткаруу жүктөлдү. Анын колунда Коопсуздук кызматы бар. Ички иштер министрлиги бар, Коргоо министрлиги бар, cот, прокуратура – баары бар. Эмне үчүн мыйзамдуулукту сактоо боюнча иш жакшы жүрбөй жатат? Ушул маселе айрыкча президенттик шайлоо жакындаган сайын курч коюлуп атат.

- Президенттик шайлоо демекчи, президенттикке талапкерлигин 10 жакын адам коем деп жатат. Сиз ким жеңип чыгат деп ойлойсуз?

- Менин оюмча, негизги күрөш, албетте, эки талапкерлердин - Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ортосунда болот. Берки талапкерлер да , албетте, күрөшөт. Анын ичинде да элге таанылып калган мыкты жигиттер бар. Бирок эл, менимче, ушул эки кишини колдойт. Мен экөөнү тең жакшы билем. Экөөнүн кимиси президент болсо да, биздин республикага жаман болбойт деп ойлойм.

- Бакив менен Кулов тирешип отуруп, шайлоодо чатак чыгып кетиши мүмкүн дешет. Түндүк-түштүк болуп бөлүнүү болот деген сөз бар.

- Мунун негизи бар. Каалайбызбы-каалабайбызбы, биздин эл – кыргыз эли тарыхта өрөөн-өрөөн болуп жашап келген. Түндүк –түштүк болуп бөлүнүп келген. Муну , тилекке каршы, бүгүнкү күнү жеңе албайбыз. Ошондуктан бул эки тарапкер, башкалар дагы, сүйлөшүп туруп бир документке кол коюшу керек деп ойлойм. Ал документте эмне каралышы керек? Конституциялык кеңешменин иши башталбадыбы. Констиуциялык кеңешме кандай өзгөртүү киргизилерин чечет - үч бийлик бутагын тең салмактуу кылууга байланыштуу өз чечимин чыгарат. Меморандум деп айтабызбы, келишим деп айтабызбы, ошого жеңип чыккан талапкер конституциялык кеңешменин чечимин ишке ашырат деген жобо киргизүү зарыл. Ага, экинчиден, кимибиз уттурсак да, шайлоодон кийин элди көтөрүп чыкпайбыз деген жобону да киргизүү зарыл. Митинг өткөрбөйбүз, күчкө салбайбыз деген. Андан тышкары шайлоого чыккан талапкерлер эл менен жолугушканда муну элге ачык айтууга тийиш. Ушундай милдеттенме алдым деп. Кол коюлган меморандум маалымат каражаттары – радио, телевидение, гезиттер аркылуу жарыяланышы керек. Президент болгон талапкер меморандумга кол койгон менен кийин «ойлонуп көрсөм бул тура эмес экен, президенттин бийлиги англиялык королеванын бийлиндей эле болуп калат экен, мындай өзгөртүүнү Kонституцияга киргизиш болбойт экен» деп айнып кетиши мүмкүн. Мындай болбойт деп эч ким айта албайт. Биздин тарых өзү көргөзбөдүбу. Мисалы, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Kонституция жакшынакай эле Kонституция болчу. 10-15 жылдан берки өзгөртүүлөр эмнеге алып келди? Бугүнкү күнгө алып келди. Ошондой болбош үчүн кол коюлган келишим бүт элге жарыяланышы керек. Талапкерлер аны аткарабыз деп ант берүүсү зарыл. Эми түндүк-туштүк маселесине келсек, бүт элге кайрылыш керек. Түштүктүн талапкери утса, түндүк макул болот, түндүктөн чыккан талапкер утса, түштүк макул болот деп. Ошону элге жакшылап түшүндүрүп айтышыбыз зарыл. Элдин баарына бул сөз жетмейинче, чатак чыгышы ыктымал.

- Маегиңиз үчүн рахмат!
XS
SM
MD
LG