Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

КООМДУК ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ: МАКУЛ - КАРШЫ


Жаңы бийлик келгенден тарта кыйладан бери айтылып келаткан маалымдоо каражаттарын өкмөт ээлигинен чыгаруу, Улуттук телекөрсөтүүнү коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу, өкмөттүк гезиттерге өз алдынчалыкты берүү маселеси такай көтөрүлө баштады. Президент шайлоо алдында бул проблема анын үстүнө саясий өң-түс алып кетүүдө.

Элдик ыңкылап ишке ашкан күндүн эртеси «Журналист» коомдук бирикмеси менен «Интерньюс» эларалык уюму маалымдоо каражат жетекчилерин чогултуп көптөн бери айтылып келаткан маселени талкууга салган. Улуттук телекөрсөтүүнү коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу, өкмөттүк гезиттерге эркиндик берүү маселесин мыйзамдык негизде жаңы шартка жараша оңуна чечүү мүмкүнчүлүгү пайда болгону айтылган. «Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев ушу тапта өкмөттүн колун караган маалымдоо каражаттарынын текши баарына эркиндик берип, мамлекет менен маалымдоо каражатынын ортосундагы мамилени мыйзам негизинде жөнгө салуу зарыл деген пикирде.

- Эгерде К.Бакиев мамлекеттин башчысы катары Улуттук телекөрсөтүү жетекчисин дайындаса, демек, ошол адам К.Бакиевге кызмат кылат. К.Бакиевдин сөзүн сүйлөйт. К.Бакиевге каршы сөз сүйлөбөйт. Каршы сөз сүйлөгөндөрдү көрсөтпөйт. Анда биз мамлекетибизде эмнени өзгөрттүк? Биз баары бир ушул принциптерди, сөз эркиндиги принцибин тутунуп, орусча айтканда «хомуттан» - каамыттан журналисттерди бошотушубуз керек.
Ушу тапта журналисттердин демилгеси менен, ошондой эле парламент спикери Ө.Текебаевдин телекөрсөтүү жана радио боюнча жаңы мыйзам долбоору парламент кароосуна сунушталганы туру. Мындан алты жыл илгери ушундай эле мыйзам долбоорун а кездеги депутат, азыркы вице-премьер-министр милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров да даярдап, бирок ал парламентте колдоо тапкан эмес. Парламент үч долбоордун негизинде жаңы мыйзам иштеп чыгып кабыл алышы ыктымал.

- Бир он беш киши деп коелучу, он беш кишиден турган көзөмөлдөө кеңеши түзүлөт. Ошого ар тараптан – мамлекет, парламент, коомчулук тарабынан адамдар кирип, Көзөмөл кеңештин чечими менен башкы директорду, орунбасарларын дайындашат. Көзөмөл кеңеш парламентте шайланган соң ошол Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүткөнчө беш жыл иштеши керек. Жаңы парламент келип жаңы Көзөмөл кеңешин түзөт, ал ишин жүргүзөт. Ошондо Коомдук телекөрсөтүү болот. Бюджети болсо парламент тарабынан атайын бекилген бюджети боюнча бөлүнөт,- дейт Кубан Мамбеталиев.

Кыргызстан ишкерлер ассоциациясынын президенти Эмил Үмөталиев маалымдоо каражаттарынын эркиндигине жетишүү үчүн ириде негизги принциптерди аныктап алуу зарыл деп эсептейт:

- Биринчи принцип, жеке жана өз алдынча маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамдарды иштеп чыгуу керек. Мамлекет өз таасирин берчү жерде болушунча эркиндик берүүсү зарыл, мисалы, радиожыштыктарды бөлүштүрүү. Экинчи принцип, мамлекеттин маалымдоо каражатына ээ болушун чектөө, болушунча азайтуу.

Кубан Мамбеталиевдин ырасташынча, өкмөт менен жергиликтүү бийликтин ээлигинен гезиттерди чыгаруу чоң түйшүктү талап кылбаган жумуш. Ал эми Улуттук телерадиокорпорациянын вице-президенти Бейшенбек Бекешовдун айтымында, Улуттук көрсөтүүнү коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу оголе көп каржылык-техникалык проблемаларга байланышкан татаал маселе.

- Механизми өтө татаал. Коомдук болгондон кийин бул элдик деген мааниде болуш керек да менин оюмча. Биз аябай ойлондук. Менин оюмча, биздин азыркы система, мурдагы эле мыйзамдык негиздер туура болот го деп ойлоп атам.

Бейшенбек Бекешов ушу тапта улуттук телекөрсөтүү аркылуу Кыргызстанда болуп аткан коомдук-саясий окуялар жымсалданбай, ачык чагылдырылып жатканын, дегеле ар кандай жаңылык ириде ичтен даярдалып, кенен-кесир талкууланып ишке ашырылышы зарыл экендигин билдирди.
XS
SM
MD
LG