Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Уран Алиевди атты деп шектелгендерди кармоо аракети көрүлүүдө


БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин Кызматтык кылмышты иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча 2-бөлүмүнүн мурдагы башчысы Уран Алиевдин өлүмү боюнча шектүү адамдар бар. Ош облустук ички иштер кызматынын маалыматына караганда, шектүүлөрдү кармоо аракеттери көрүлүүдө. Ал эми Алиевдин кол салуу учурунда оор жарат алган айдоочусу ооруканадан чыгып, жалгыз күбө катары кайтарууга алынды.
Уран Алиев 5-апрелде Ош шаарында белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Өткөн аптада Жогорку Кеңешке берген маалыматында башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров бул кылмышты ачуу кыйынчылыкты туудуруп жатканын белгилеген.

XS
SM
MD
LG