Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу атайын жайларды кыдырды


БИШКЕК. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров 2-майда күнөө кылгандыгынан шектелгендерди кармоочу Бишкек шаарындагы убактылуу жайларды кыдырып чыкты. Бекназаровдун белгилегенине караганда, камалгандардын жашоо шарты, социалдык абалы начар экендиги байкалды. Мекеме жетекчилери имараттарда 10 жылдан бери ремонт боло электигин белгилешти. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу өлүм жазасына тартылгандар жайгашкан жер менен да таанышты. Анын айтымында, аларды өмүрүнүн акырына чейин кармоого азырынча шарт жок. Бирок Бишкектеги убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси Жумадил Шейшеналиевдин билдиргенине караганда, өкмөт колдоо көрсөтсө, мындай шартты үч-төрт ай аралыгында даярдап койсо болот. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев эл макул болсо өлүм жазасын түбөлүк түрмө менен алмаштыруу керектигин Конституциялык кеңешменин алгачкы отурумунда белгилеген.

XS
SM
MD
LG