Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

ТӨРТ МАМЛЕКЕТТИН СУУ-ЭНЕРГЕТИКА АДИСТЕРИ БИШКЕКТЕ ЧОГУЛАТ


3-майда Бишкекте Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын суу-энергетика боюнча адистери чогулушат. Алар региондун суу-энергетикалык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча орток келишимге жетишүүгө аракет жасашат.

Борбор Азия мамлекеттеринин суу-энергетика тармагында кызматташуусу акыркы кезде аксап калганы белгилүү. Буга СССРдин мезгилинде калыптанган системанын мезгил талабына жооп бербей калганы, ал эми жаңы системанын ушул кезге чейин түзүлө электиги себеп болууда. Ошонун натыйжасында Өзбекстан менен Кыргызстандын суу-энергетика тармагында кызматташуусу акыркы жылдары аксап калган.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева апрель айында Ташкенге жасаган иш сапарында Кыргызстан менен Өзбекстандын суу-энергетика тармагында кызматташуу маселеси козголгон. Бул маселе Казакстандын министри Владимир Школьниктин Бишкекке жасаган сапары учурунда да көтөрүлгөнү белгилүү.

3-майда Бишкекке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын суу-энергетика адистери чогулуп, 2005-2006-жылдары региондун суу-энергетикалык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча жыйын курат. Бул тууралуу кыргыз өкмөт башчысынын кеңешчиси Андрей Иордан 2-майда буларды билдирди:

- Төрт мамлекеттин өкүлдөрү тажик, өзбек, казак жана биздин адистер чогулуп, суу-энергетикалык маселелер боюнча орток пикир табууга аракет жасашат.

Андрей Иордандын айтымында, эгерде өзбек тарап Кыргызстандан электр энергиясын алууга макул болсо, анда анын ордуна бизге газ берет. Андан сырткары накталай акчага газ сатып алуу маселеси да козголот. Өзбек тарап түз келишим аркылуу газ сатууга мурда эле даяр болгон. Бирок баа боюнча орток пикир табылбай келген, деп белгиледи Андрей Иордан.

«Кыргызгазга» «Узтрансгаз» өткөн жылдын апрель айынан бери газ берүүнү токтоткон. Кыргызстан Казакстанга бараткан газды алып жагууга мажбур болууда. Натыйжада «Казтрансгазга» карыз 16 миллион доллардан ашып кетти. Мурунку вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов карыздарды төлөө үчүн тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын ыңкылапка чейин билдирген эле:

-Карыздар төлөнөт. Аны төлөө үчүн керектүү чаралар кабыл алынууда.

Ал эми жаңы вице-премьер-министр Данияр Үсөнов өкмөттүн энергетика тармагын тартипке келтирүүгө убактысы чак болуп жатканын, бажы жана салык тармагы иретке келтирилгенден кийин энергетика жана алкоголь тармагы колго алынаарын билдирген эле.

Кыргызстан Токтогул суу сактагычын энергетикалык, ал эми Казакстан жана Өзбекстан ирригациялык режимде пайдаланууга кызыкдар. Мына ушул маселеде орток пикир табууга төрт мамлекеттин эксперттери Бишкектеги жыйында аракет кылышмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG