Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:05

Ооганстандагы жардыруудан 28 адам каза тапты


Жарылуу башкалаа Кабулдан түндүк тарапта жайгашкан Баглан провинциясындагы кыштактардын биринде, ок –дары топтолгон кампада болгон. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, каза тапкандар арасында аялдар менен балдар да бар. Мындан сырткары дагы 70тей киши жаракат алган. Ал кампа өкмөттүн программасына ылайык куралсызданган жергиликтүү колбашчыга таандык экен. Учурда жарылуунун себептери иликтенүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG