Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Иракта бүгүн жаңы өкмөт ант бериши мүмкүн, соңку кол салуулардан 13 адам каза тапты


Өкмөт курамы боюнча сүйлөшүүлөр дагы деле уланууда. Анын мүчөлөрү Улуттук ассамблея тарабынан жактырылгандан кийин ант беришет. Премьер- министрдин кызматына келүүчү Ибрагим ал-Жаафари өткөн аптада өкмөт курамынын толук эмес тизмесин жарыялаганган, бирок бир нече орундар бош калган болчу. Суннит лидерлери аларга кызмат тийип калганына нааразылык билдиршкен эле. Ал эми Ирактын башкалаасы Багдадда өткөн бир сутка ичиндеги жардыруулардан кеминде 13 адам каза тапты. Жардыруулар менен кол салуулардын жаңы толкуну башталган өткөн жума күндөн бери бери жүздөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Мунун аралыгында ирактык аскерлер АКШ армиясынын колдоосу астында Багдаддын чет жакасында жүргүзгөн операциялар учурунда 84 согушкер туткундалган.

XS
SM
MD
LG