Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

АКШ өзүн жана өнөктөштөрүн Түндүк Кореядан коргой алат


Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс билдирди. Ал белгилегендей, Кошмо Штаттар өзүн жана өнөктөштөрүн Түндүк Корея туудурган коркунучтардан коргоого жөндөмдүү жана бул үчүн Азия-Тынч океан чөлкөмүндө жетиштүү мүмкүнчүлүгү бар. Кондолиза Райс бул тууралуу Түндүк Корея жекшемби күнү Жапон деңизинде кыска аралыкка учуучу ракетасын сынагандыгы жөнүндөгү маалыматтарга байланыштуу айтты. Ал АКШнын өнөктөштөрү катары Жапония менен Түштүк Кореяны атады. Ал эми Ак үйдүн маалымат катчысы Скотт МакКлеллан Түндүк Кореянын ракета сыносун провакациялык аракет катары мүнөздөдү. Евробиримдик менен Жапония болсо кечээги билдирүүсүндө Түндүк Кореяны анын өзөктүк прогрммасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG