Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

Улуттар уюмунда Өзөктүк куралды жайылтпоо келишими боюнча конференция башталды


Аталган келишимдин аткрылышын караган конференция ар беш жылда бир өткөрүлүп турат. БУУнун башкатчысы Кофи Аннан конференциянын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө өкмөттөрдү өзөктүк курал дүйнө үчүн коркунучтуу экенин таануу менен куралсызданууга чакырып, буларды белгиледи:

-Кансыз согуш доорунун мурдагы атаандаштары өзөктүк дүрмөттөрүнүн санын алдыда миңдиктерге эмес, жүздүктөргө түшүрүүгө өзүлөрүн милдеттендирүүсү маанилүү кадам болмок.

Кофи Аннан ошондой эле дүйнөнүн өзгөрүлмө аймактарында өзөктүк куралдын жайылуусун токтотуу зарылдыгын, өзөктүк отун технолгиясынын тароосу да жол берүүгө болбой турган коркунун экенин кошумчалады. Башкатчы ага катар Өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине катышкан мамлекеттерди, 35 жылдык тарыхы бар бул документти бекемдөөгө чакырды. Аталган келишим 188 өлкө, анын ичинде өзөктүк куралы бар АКШ, Орусия, Кытай, Франция, Британия тарабынан ратификацияланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG