Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Таластагы Демократияга колдоо көрсөтүүчү маалымат борборунда жыйын болду


ТАЛАС. Жыйын катышуучулары өлкө президентинин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиевге, спикер Өмүрбек Текебаевге, Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмоновго, БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимовго жолдонгон кайрылуу кабыл алышты. Анда №55 Бакайата шайлоо округунда түзүлгөн опурталдуу кырдаал жана ал журт ынтымагына доо кетирип жаткандыгы айтылган. Жергиликтүү бийлик бир катар өкмөттүк эмес уюмдар 20-21-24-апрелде эки тараптын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, элди ынтымакка алып келүүгө аракет жасагандыктары менен соттордун, округдук жана Борбордук шайлоо комиссияларынын принципсиздигинен жагдай коркунучтуу абалга жеткендиги жазылган кайрылууда. Тегерек стол катышуучулары аты аталган бийлик өкүлдөрүнөн №55- Бакайата шайлоо округундагы шайлоо мыйзамды одоно бузуулардын негизинде өткөндүгүнө байланыштуу мыйзамсыз деп табууну суранышкан. Талкууга өрөөндөгү өкмөттүк эмес уюмдардын , айылдык кеңештердин депутаттары, жаштардын, интеллегенциянын өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG