Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

КЫРГЫЗСТАНДЫ КАНТИП БАШКАРУУ КЕРЕК?


Конституциялык кеңешменин жумушчу тобу 3-майда ишин Кыргызстан башкаруунун кайсы тартибин тандап алышы керек деген маселеден баштады. Жыйын аталган маселе боюнча жалпы жагдайды аныктап алуу максатын көздөп, эркин талкуу уюштурду. Талкуу Конституциялык кеңешменин төрагасы, Парламент спикери Өмүрбек Текебаевдин сунушу менен башталды.

Конституциялык кеңешменин туруктуу жыйыны саналган жумушчу топтун бул күнкү отурумунда талкуу парламенттик-президенттик, президенттик-парламенттик жана парламенттик башкаруу системаларынын айланасында жүрдү. Бирок, төрага Өмүрбек Текебаев адегенде эле өзүнүн башкалардан айырмалуу долбоорун оозеки сунуштап, аны келерки отурумда кагаз жүзүндө берерин билдирди:

- Мен өз сунушумду парламенттик же жарым парламенттик деп чечмелеген жокмун. Бирок менимче, бул жергиликтүү менталитетке, тарыхка төп келет. Бул күчтүү президенттик бийлиги бар парламенттик өлкө болот.

Текебаевдин пикиринде, бул система президенттин, парламенттин жана соттун укуктарын теңештирет . Коопсуздук кызматына, өкмөткө байланышкан чечимдерди президент парламенттин макулдугуна ылайык кабыл алат. Ал эми парламент эки мандаттуу жол менен шайланып, адегенде, партияга 30%, келерки шайлоодо 75% орун берүү керек.

Ушуга жакын пикирин депутат Кубатбек Байболов да билдирди. Анын оюнда башкаруунун америкалык ыкмасын тандап алуу алда канча ыңгайлуу болмок. Регионалдык изилдөө институтунун башчысы Атыркүл Алишева Франциялык башкаруу ыкмасын тандап алууну сунуштады.

Бул тескерисинче, өкмөттүн кубатын арттыруу аркылуу, бардык бийлик укуктарын теңештирмек. Бирок, «Менин өлкөм» саясий партиясынын мүчөсү Зайнидин Курманов бийликтин бир бутагы сөзсүз үстөмдүк кылат дейт. Ошондуктан, мурдагы катачылыктарды кайталабаш үчүн Кыргызстан сөзсүз парламенттик башкарууга өтүшү керек:

- Акаевдин катасы дал ушул тең салмактай албаганында болду… Парламентаризмдин артыкчылыгы эмнеде? Ал жерде бийликтин бардык бутактары автономиялуу. Алар бири-биринен көз каранды эмес.

Бирок, мындай сунушту жактагандарга караганда каршы тургандар арбын болду. Маселен, депутат Темир Сариевдин оюнда башкаруунун бул формасын киргизүү опурталдуу:

- Парламенттик башкару менен кеткенде бизге коркунучтуураак болуп калат. Анткени, биздин партиялардын маданий деңгээли өто жогору өсө элек. Партиялык түзүлүш да бизде абдан начар. Окуп көрсөн, бизде 40тан ашык партичя бар. Баарынны эле программасы бирдей. Ошон үчүн бүгүнкү күндө парламенттик республикага өтүп алсак, бизге кандайдыр бир коркунуч туулуп калат. Туура эмес чечимдер болуп, же кандайдыр бир топтун, күчтүн кызыкчылыгы көбүрөөк болуп кетет.

Парламенттик республикага кыргыз эли даяр эмес деп эсептеген укук коргоочу Турсунбек Акун Өмүрбек Текебаевдин демилгесин толук колдоду:

- Президент аткаруу бийлигинин башында болушу керек. Мисалы, Курманбек Бакиев шайланабы, Феликс Шаршенбаевич (Кулов) шайланабы, кимиси шайланса дагы, аткаруу бийлигинин башында болсун. Жоопкерчиликти алсын толугу менен. Анын үстүнө премьер министр деген кызмат акыркы кезде биздин эки чоң саясатчынын ортосунда соодага айлана баштады. Ушу премьердикти жоп эле койсок, соодага айландырбай. Конституциядан алып коелу. Анын ордуна, Жыпар Жекшеев туура айтат, вице-президенттикти киргизели. Ушу Өмүрбек Чиркешевич (Текебаев) атвору болуп аткан сунушту колдосо болот.

Ал эми Текебаевдин пикиринде бийлик бутактарынын ичинен сот системасы өтө терең иликтөөгө муктаж. Ошондуктан, бул өңүттө ишти шашпай жүргүзүү керек. Сот бийлигинин өкүлү Кыргызбай Азимжановдун айтымында, Конституциялык реформанын башкы милдеттеринин бири соттун көз карандысыздыгын сөз эмес, иш жүзүндө камсыздоо:

- Кааласаңар президенттик, кааласаңар парламенттик, кааласаңар аралаш башкаруу кылгыла. Ушу бардыгы чечилгенден кийин сотко тийгенди койсок. Ал эми кимди шайлаш керек деген маселени карап көргүлө. Анткени, бизде соттордун 50%инин ичинде билими начарлар бар.

Конституциялык кеңешменин жумушчу тобуна өкүлдөрү бириккен бийликтин, жарандык коомдун, парламенттин жана өкмөттүн ар бири өз концепциясын сунуштаары болжолдонгон. Бирок, алгачкы отурумда бул маселе козголгон жок. Белгилүү жагы кеңешме 1-июнга чейин Конституциянын алгачкы долбоорун иштеп чыгып, президенттикке талапкерлердин бардыгына ушул өңүттө меморандум сунуштаганы жатат. Ушул максатта жумушчу топ мүмкүн болушунча ишти ыкчамдатууну макулдашты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG