Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР, АЗЫРЫНЧА ЧЫКПАЙ ТУРГАН «АИФ КЫРГЫЗСТАН»


Президент шайлоо алдында уруулук-кландык кызыкчылыктар саясий күрөштүн айныксыз аргументине айланууда. Айрым маалымдоо каражаттарында белгилүү гана талапкерлердин аты аталып, калгандары тууралуу сөз жок. Президентке талапкерлердин бирөөнө кене орун берген «АиФ Кыргызстан» гезитинин чыгар-чыкпашы арсар, москвалык жетекчилик андайга уруксат бербей турат.

Түштүктөгү жергиликтүү телеканалдар кийинки кездери жалаң гана саясий темаларга өтүп, президенттикке талапкер, парламент депутаты Баяман Эркинбаевди гана көрсөтүп калышты, деп жазат шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити. Гезиттин маалымдашынча, облустагы ички иштер органынын ардагерлери күч кызмат жетекчилерин ыксыз алмаштырууну токтотууну, жооптуу ишке криминал менен байланышы бар делген кадрларды койбоону талап кылышкан. Криминал наркоакчаларды көзөмөлдөө аракетин жасоодо, деп белгилейт «Вечерний Бишкек» гезити.

Ушул эле гезиттин кабарлашынча, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы жер алып бергенге убада кылып айрым атуулдардан акча алгандарга каршы кылмыш иштерин ачты.

Өткөн аптанын аягында депутат Баяман Эркинбаевди белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Октон аман калган эл өкүлү эртеси күнү пресс-жыйын чакырып, бул кылмыш бийликке сатылбаган чечкиндүү, карапайым калк арасынан чыккан саясатчынын келишин каалабаган күчтөр тарабынан жасалганын билдирди, деп белгилейт Эльвира Темир «Дагы атышты» деген макаласында.

Парламент шайлоодо калк алдында кадырын кетирип алган Борбордук шайлоо комиссиясы чогуусу менен кызматын таштап кетүүсү керек, деп жазат М.Абдулкадыров шаршембидеги «Республика» гезитинде.

Басылманын жаңы санында жарыяланган макаласында Ербол Курманбаев казак коому азырынча кыргыздардын жолун улап ыңкылап жасай албастыгына токтолгон.

Парламенттин экс-депутаты Орозбек Дүйшеев «Кумтөр» алтын кени кантип канадалыктарга берилгени, андан Кыргызстан канча пайда-зыян көргөнүн талдоого алган. Азырынча, республика айтылуу алтын кенинен пайда ала элек. Мурдагы өкмөттүн келишимдери жалпы элдик кызыкчылыкка төп келбейт. Ошол себептүү ал келишимдерди жокко чыгарыш керек.

Гезитте кыргыз темир жолу, «Түндүкэлектр» акционердик коомундагы жумушчулардын нааразылыгы тууралуу материалдарга да орун берилген.

Шаршембидеги «Кыргыз туусу», «МСН» гезиттеринде өкмөт башчы Курманбек Бакиевдин кайрылуусу жарыяланды. «Кыргыз туусу» гезитинин Ош облусу боюнча кабарчысы облус акимчилик жетекчиси Анвар Артыковго суроо менен кайрылган. Облусту А.Артыков башкарабы же Б.Эркинбаев жетектейби деген суроого губернатор өзүбүз башкарабыз, деген жообун узаткан. Гезиттеги маегинде Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров А.Акаевге тийиштүү мүлк менен Ш.Жайсаңбаевге байланышкан кылмыш иши, мурда жабылып келген иштердин көбү ачылып тергөө жүрүп жатканын билдирген.

Шаршембиде сатыкка түшчү «АиФ Кыргызстан» апталыгынын жаңы санынын чыгыш-чыкпашы чечиле элек. Аны басылмаын редактору Геннадий Павлюк мындайча түшүндүрөт:

- Гезиттин мурдагы саны 17- номурдун биринчи бетинде Ф.Куловдун «Хаяттагы» пресс-жыйынынан материал, ага улай орус-кыргыз мамилелерине арналган материалдар топтому жарыяланган. Ф.Куловдун пресс-жыйында эмне деп айтканы көпчүлүккө маалым. Биз анын орус тилдүү калкты коргоо, миграция агымын токтотуу, элди бириктирүү жөнүндөгү пикирин атайын бөлүп, башкы материал катары чыгарганбыз. Жаңы өкмөттүн иши тууралу иштиктүү сындарды жарыялаганбыз. Биз кыргызча материалдарды гезиттин биринчи бөлүгүнө чыгарып, москвалык материалдарды артка жылдырып, албетте, кемчилик кетирдик. Бул бизге койгон киненин бири. Эң негизгиси, президенттикке негизги талапкер Ф.Куловду башкы материал катары чыгарганыбыз бирөөлөргө жакпай, Москвага кабарды жеткирген болуу керек.

Азырынча Москва «Аргументи и факты» гезитин анын Кыргызстан боюнча тиркемесин чыгарууга уруксат бербей токтотуп турат. Г.Павлюк маселе жакын арада чечилет дейт.
XS
SM
MD
LG