Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

КЫРГЫЗСТАНДА АСТМА КЕҢИРИ ТАРАГАН ООРУ


3-май астмага каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга байланыштуу Бишкек шаардык саламаттыкты чыңдоо борборунун демилгеси менен 3-майда “тегерек үстөл” жыйыны өттү. Анда эл арасында астма менен ооругандардын көбөйүп баратышынын себептери, бул дартка каршы кандай күрөшүү керек деген маселелер козголду.

Статистикалык маалыматтарга караганда Кыргызстан боюнча астмага чалдыккандардын саны 10 миңге жакын. Аларды дарылоочу адистер жетишпейт. Өлкө боюнча жыйырмага жакын гана пульмонологдор бар, ал эми Кыргызстандагыдай эле сандагы калкы бар Финляндияда пульмонологдордун саны 200дөн ашат.

Астмага каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган “тегерек үстөлдө” саламаттыкты сактоо министрлигининин, дары-дармектер менен камсыз кылуу департаментинин, Кыргызстандагы астма борборунун өкүлдөрү жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин мүчөлөрү катышты. Алар астма менен ооругандарды дары менен камсыз кылуу жана бул дарт менен күрөшүүнүн кадамдарын иштеп чыгуу маселесин талкуулашты. Адистердин айтымында астма оорусуна чалдыккандардын абалы оор, анткени дарылар кымбат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун отчетунда Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан астма оорусунан каза болгондордун жана бул дартка чалдыккандардын саны боюнча биринчи орунда турганы айтылат. Бул дарттын күчөп кетишине экологиялык факторлор да таасирин тийгизет.

Бул маселеге Бишкек шаардык айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Наталья Уралина төмөндөгүлөргө токтолду:

- Абаны булгап жаткандар - булар унаалар, өнөр жай мекемелери. Унаалардан чыккан зыяндуу заттар аллергиянын жана астманын күчөшүнө алып келет. Германияда эски унааларды айдоого тыюу салынган, ошол эски унаалар биздин өлкөгө алынып келинип жатпайбы. Мындан тышкары жашап жаткан үйлөрүбүздө ар кандай зыяндуу заттардын чогулушунан, өзгөчө кышында бөлмөлөрдү желдетпей жаткандан да бул дарт күчөйт. Мен өзүм да астма менен ооруйм, бул маселеге көбүрөөк көңүл бурулуш керек деп ойлойм. Дарылар өтө кымбат, кээ бир дары-дармектер дарыканаларда жок.

“Тегерек үстөлдүн” катышуучулары дем алуу органдары боюнча адистердин билим деңгээли тууралуу сөз кылышып, көп учурларда доктурлар туура эмес дарылашарын айтышты. Улуттук кардиология жана терапия борборунун өпкө жана аллергия оорулар бөлүмүнүн башчысы Талант Сооронбаев да астма оорусу боюнча эң чоң маселелердин бири - бул калктын жана доктурлардын билим деңгээлинин төмөн болуп жатканын белгиледи:

- Эң чоң маселе - бул астма боюнча элдин жана доктурлардын билим деңгээлинин төмөн болушу. Ошондуктан астма оорусу күчөп, астма менен ооругандардын абалы оор. Азыр, негизги максат-астма менен ооругандардын жана доктурлардын билимин жогорулатуу. Тиешелүү мекемелердин астма дартына чалдыккандарга көңүлүн буруу.

Ошондой эле Талант Сооронбаев дем алуу органдарынын дарттарынан, өзгөчө астмадан каза болгондордун саны көп экенинин баса белгиледи:

- Астма менен ооругандардын көбү каттоодон өткөн эмес. Доктурларга кайрылган эмес. Астма менен ооруп каза тапкандар айылдарда өтө көп. Ооруканаларга да кайрылышпайт. Оору күчөп, үйүнөн каза тапкандар көп. Астма негизинен Кыргызстан үчүн курч, орчундуу маселе десек болот.

Республиканын алыскы райондорунда астма менен ооругандар үйдө эле дарыланып, абалы өтө күчөп кеткенде гана келип дарыланышат. Мунун негизги себеби - оорулуулардын бул дарт тууралуу маалыматынын аздыгы жана өзүнүн ден соолугуна көнүл бурбай жаткандыгы. Мындай пикирин консультант Мира Осмоналиева ортого салды:

- Оорулууларды окутуу, аларда бул дарт боюнча толук маалымат болушу- ооруга каршы күрөшүүдө эң маанилүү кадам. Бирок ошону менен бирге доктурлардын да билим деңгээлин жогорулатуу зарыл.

2 жыл мурун жогоруда айтылган маселелерди чечүү үчүн атайын мамлекеттик программа кабыл алынган. Бирок бул программа бүгүнкү күнгө чейин ишке ашпай, кагаз бетинде калып келатат. Болгону бул багытта Финляндия колдоп келе жаткан Кыргыз-фин программасы гана үзүрлүү иштеп жатат.
XS
SM
MD
LG