Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Темир жолчулар нааразылык акциясын токтото элек


БИШКЕК. 26-майдан бери ачкачылык жарыялап олтурган темир жолчулардын саны 3-майда 21 адамга жетти. Алар бул күнү жыйын курушуп, темир жол башкармасынын башчысы Нариман Түлеевдин кызматтан алуу талабынан кайтпай тургандыктарын билдиришти. Темир жолчулардын көз карандысыз кесиптик кошунунун төрагасы Эрнис Докеновдун айтымында, 26-майда ачкачылык акциясын баштаган 15 жумушчунун айрымдарынын ден соолугу начар, бирок алар талаптары аткарылмайынча акциясын токтотпой тургандыктарын жарыя кылышып, атайын билдирүүнү өкмөт башчыга жолдошту. Ал эми Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков темир жолчулардын көйгөйүн ушул жумада териштирээрин өткөн жумада жарыя кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG