Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

Кыргыз паспорту Кенияда


БИШКЕК. Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү 41 миң 800 даана паспортун Кениядан алып келүү үчүн 51 миллион евро керек. Бул тууралуу 3-майда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков билдирди. Анын айтымында, өлкө мындай чыгымга экс-өкмөт башчы Николай Танаевдин өз чөнтөгүн толтуруу максатын көздөгөн долбоорду ишке ашыруу аракетинин айынан кептелип олтурат. Анткени, жаңы үлгүдөгү паспортту даярдоо тууралуу алгачкы келишим боюнча жалпы чыгым 7 миллион евро болмок. Бирок, өкмөт аны 18 пайыздык үстөгү бар кредит деп келишим түзүп, паспортторду алып келүү үчүн кошумча 51 миллион евро бөлүүнү болжогон. Жогорку Кеңеш «Делару интернешнл» компаниясы менен түзүлгөн келишимди бузууну өкмөткө сунуштап, молдавиялык ортомчу «Регустру» ишканасы менен Кыргызстандын маалымат технологиялар жана ресурстар агенттигинин ишин териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырган. Азыр өлкөдө 400 миңге чукул атуул паспортсуз деген расмий маалымат бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG