Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Ташкендеги нааразылык акциясы күч менен таратылды


Кабарларга караганда, кечээ кечке жуук граждандык кийимчен адамдар АКШнын Ташкендеги элчилигинин алдына тигилген чатырларды бузуп, ал жерге нааразылык акциясына чогулгандарды уруп-согуп таратышкан. Канча адам кармалганы же жаракат алганы жөнүндө маалымат түшкөн жок. АКШ элчилиги да бул окуя боюнча комментарий бере элек. Кечээ эртең мененден тарта элчиликтин жанына жыйналган жүздөй адам өзбек бийликтерин укук бузууларга барганы үчүн айыпташып, милиция менен демонстранттар ортосунда күндүз да кагылышуу орун алган эле. АКШнын элчилигинин алдына чогулгандардын көпчүлүгү өздөрүн Баходир Чориев аттуу фермердин туугандары деп аташкан. Анын жеке чарбасы өзбек бийликтери тарабынан тартылып алынган. Буга каршылык билдиргенин үчүн ал өзү кезинде бир нече ирээт абакка түшкөн. Ал эми кийинчерээк АКШдан башпаанек алган болчу.

XS
SM
MD
LG