Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Иракта өлкөнүн жаңы өкмөтү ант берди


Анткен менен азырынча беш, анын ичинде мунай жана коргоо министрлеринин, эки вице- премьердин орду бош. Дайындалып, ант берген жыйырма жети министрдин он беши шийит, жетөөсү күрд, төртөөсү суннит, бирөөсү христиан жамаатынын өкүлдөрү. Ошондой эле премьер- министр ал- Жаафаринин өзү жана аанын ант берген эки орун басарынын бири шийит , экинчиси күрд жамаатынан. Январдагы шайлоодо шийиттердин колациясы алдыңкы орунга чыгып, күрд партиялары экинчи орунду ээлеген болчу. Ирактын азыркы президенти Жалал Талабани өкмөт ант беришин "тарыхый" окуя деп атады:

-Бул тарыхый күндө биз Ирактын демократиялык жол менен шайланган Улуттук ассаблеясы тарабынан жактырылган, Ирактын алгачкы ирээт шайланган өкмөтүн жарыялап жатабыз. Бул күнү мен ирактыктарга түгөл ырахмат айтып, аларды куттуктоону каалайм. Доктор Ибрагим ал –Жаффари жана анын өкмөтү оор жоокерчиликти аркалоодо ийгиликке жетет деп үмөттөнөм.

Мунун аралыгында Рамади шарында козголоңчулар менен коалициялык күчтөрдүн кагылышуусунан он согушкер, бир жергилитүү жоокер жана эки
жөн - жай адам каза тапты.

Пентагондун кечээги билдирүүсүнө караганда, Ирактагы террор аракеттеринин артында турган, теги иорданиялык согушкер Абу Мусаб ал-Заркаунин дарегине жолдонгон кат, өткөн ноябрда америкалык аскерлер Фаллужа шаарынан сүрүп чыгаргандан бери, ал чет элди согушкерлерди башкарууда кыйнчылыктарга кабылганын ишара кылууда. Кат америкалык аскерлердин колуна өткөн айда тийген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG