Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕНЕШМЕНИН ЖУМУШЧУ ТОБУ ИШИН УЛАНТТЫ


4-майда Конституциялык кеңешменин жумушчу тобу жыйынын улантты. Бул күнү топ «Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан даярдалган мыйзам долбоорун талкуулады.

Депутаттык топ даярдаган долбоор жумушчу топтун кароосуна сунушталган алгачкы конкреттүү мыйзам долбоору болду. Анын негизги максаты- президенттин укук милдеттерин азайтып, көбүн өкмөт башчы менен парламентке бөлүп берүү болгон. Ушундан улам талкуу Конституциянын президенттин ыйгарым укуктары жазылган 46-беренесин өзгөртүүгө байланыштуу болду. Жумушчу топтун мүчөсү, Жогорку Кеңеш депутаты Кубатбек Байболовдун айтымында:

-Негизинен Конституциянын 46-беренеси талкууланып, президенттин айрым ыйгарым укуктары премьер-министрге өткөрүлдү. Маселен, буга чейин президент премьер-министрди кызматтан Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле алып кое турган болсо, азыр Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана иштен кетире алат деген жобону киргиздик. Анан 46-берененин 3-пунктунун 3-подпункту таптакыр алынды. Анда айтылган укук милдеттер премьер-министрге өттү. Натыйжада, өкмөт башчы өкмөттүн курамына кирген министрлерди өзү дайындай турган болду. Эми бул алдын-ала кабылданып жаткан иш. Албетте, акыркы чечим Конституциялык кеңешмеде кабыл алынат.

Бул беренени талкуулап жатканда топтун бир катар мүчөлөрү Коргоо, Ички иштер министрлерин жана Улуттук коопсуздук кызмат төрагасын дайындоо укугу президенттин өзүнө калсын, себеби, ар кандай кыйын кырдаалда ушул күч министрликтери өлкө коопсуздугун камсыздоо үчүн мамлекет башчысына баш ийиши керек деп каршы болушту. Добуш бере келгенде алардын сунушун көпчүлүк колдоду. Ал тууралуу Кубатбек Байболов мындай дейт:

-Күч министрлерин президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт, ал эми калган министрлерди премьер-министр Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт деп бөлдүк .

Талкуунун жүрүшүндө экс-президентти мамлекеттин эсебинен камсыздоо жана аны кайтаруу жөнүндө жазылган 53-беренесинин 4-пунктун толук бойдон алып салуу сунушу катуу талаш жаратты. Топтун көпчүлүк мүчөлөрү жобону алып салууга макул болгон менен айрымдары мамлекеттик артыкчылык берилбеген президент коррупцияны гүлдөтүп жибериши мүмкүн деп каршы болушту. Алардын бири Зайнидин Курманов:

- Камсыздоо президенттин коррупциялык аракеттерге баруусуна бөгөт болот. Эгер камсыздоого кепилидик берилбесе, ал эртеден кечке чейин акча топтоо менен алек болот.

Мындай сунушка ишкер Эмил Үмөталиев каршы:

-Артыкчылык президентти коррупциядан эч качан калкалап кала албайт. Эгер президент чындап эле чынчыл болсо, анда ал эч кандай камкордукка муктаж болбойт. Эгер ал өзүн-өзү бага албай калса, анда биз мамлекет башчысын туура эмес тандаган болобуз.

Топтун дагы бир мүчөсү, Жогорку Соттун судьясы Низамидин Азимжанов президент деле катардагы атуул болгондон кийин ага артыкчылык берүү жөнүндө Конституцияга жазуунун зарылдыгы жок деп каршы болду.

Ал эми депутат Марат Султанов башка артыкчылыктар берилбесе да белгилүү бир убакытка чейин аны мамлекеттин кайтаруусу керектигин билдирди. Анын айтымында, аны экс-президенттин мамлекеттик маанилүү жашыруун сырларды биле тургандыгы шарттайт. Бирок бул маселе боюнча бир чечим кабылданган жок.

Бул күнкү талкуудагы дагы бир урунттуу маселе-парламентке кандай система менен шайлоо жана анда партиялык тизме менен шайланган депутаттардын саны канча болуш керек деген маселе болду. Депутаттык топ келерки парламент 105 депутаттан туруп, 30у бир мандаттуу округдан, калган 75и партиялык тизме менен шайлансын деп сунуштаган. Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн көпчүлүгү бул сунушка макул болгон менен саны көп деп каршы болгондор да бар. Алардын бири Азиза Абдрасулова:

-105 депутаттын болушу бир палаталуу парламент үчүн көптүк кылат. Ошондуктан 90дон ашпасын деген сунушту киргизебиз.

Юрист Мукар Чолпонбаев болсо 105 депутаттын болушу Кыргызстан үчүн абдан ылайыктуу деп, себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

-105 деген санды мындан туура 13 жыл илгери талкуулаганбыз. Андан кийин 1993-жылы талкууга алганбыз. Ошондо эле 105 депутаттан аз парламентти сатып алуу оңой деп айтылган. Ал эми 105тен көбүн бага албайбыз деп чечилген.

Жумушчу топ бул күнү бир чечимге келген дагы бир олуттуу маселе эми шайлана турган президент бир гана жолу 5 жылдык мөөнөт менен шайланат деген жобо болду. Албетте, бул чечимдер Конституцияга киргизиле турган акыркы чечим эмес. Талкуу дагы уланат. Ал эми топтун кароосуна башка тараптар сунуштай турган мыйзам долбоорлору15-майга чейин кабыл алынып, акыркы долбоорду даярдоо жараяны башталат.
XS
SM
MD
LG