Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

КЫРГЫЗ - ӨЗБЕК ЧЕГИНДЕГИ ЭКИ АЙЫЛДЫН ОРТОСУНДА КУРЧ КЫРДААЛ ТҮЗҮЛДҮ


Баткен облусундагы Чарбак айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Хушяр айылынын чектешкен жеринде акыркы эки күндөн бери курч кырдаал түзүлүп, кошуналаш эки элдин ортосунда жайыт маселесинен чыккан чырдын ырбап кетүү коркунучу туулууда. Кыргыз-өзбек чегиндеги эки айылдын ортосуна 4-май күнү өзбек тараптан 500 жүздөй, кыргыз тараптан 100 чакты адам чогулуп, ар кимиси өз талаптарын коюшту. Баткен жана Фергана облустарынын жетекчилери жаңжалды ырбатпоонун аракетинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

4-май күнү түштөн кийин Чарбак айылы менен Өзбекстандын Хушьяр айылдарынын чектешкен жерине өзбек тараптан алгач 300 чакты эл чогулуп, кечке жуук алардын саны 500гө жетти. Ал эми кыргыз тараптан 100гө чукул адам чогулду. Өзбек тарап негизинен жайытты жана сууну кеңири пайдалануу, кошуналаш Согмент айылына жакын жердеги кыргыз чек ара бекетин алып салуу талабын коюшууда. Кыргыз тарап болсо өзбек атуулдары жайытты мыйзам чегинде пайдалануусун талап кылышууда.

Биз окуя болгон жерде жүргөн “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун Баткендеги бөлүмүнүн жетекчиси Роберт Авазбеков менен телефон аркылуу байланышканыбызда буларды айтып берди:

- Азыр кырдаал абдан оор болуп турат. Чыр жайыт маселесинен чыккан. Өзбек атуулдары биздин жайыттарды пайдаланганы үчүн төлөй турган акчаны төлөбөй келишкен. Дагы бир негизги себеби-суу бөлүштүрүү тартиби. Мурда сугат сууну жети күн өзбек айылы, эки күн кыргыз айылы ичип келишкен эле. 2002-жылкы макулдашуудан соң сууну беш күн кыргыз, эки күн өзбек тарап алып калышкан. Өзбек тарап азыр ошол маселени козгоп, сууну кайра жети күн алууну талап кылышууда.


Маалыматтарга караганда, чырдын башы биринчи май күнү чыккан.
Ошол күнү Кыргызстандын аймагына мал айдап чыккан 8 өзбек атуулун кыргыз чек арачылары тосуп, документтерин көрсөтүүсүн талап кылышкан. Алар чек арачыларга орой мамиле жасап, документ көрсөтүүдөн баш тартышкан. Натыйжада эки ортодо чыр чыгып, кыргыз чек арачылары өзбек атуулдарынын экөөсүн сабап салышкан. Бул окуядан эртеси 300гө жакын озбек тургундары Кыргызстандын чек ара бекетине келип, алардын кетүүсун талап кылышкан.
Ал эми 3-май күнү Өзбекстандын Хушяр айлынын 200го жакын тургундары Баткен районунун Чарбак айылына чектеш жердеги көпүрөнү жаап салышкан. Натыйжада ар шейшемби куну боло турган кыргыз-өзбек базарынан кайткан Баткендин Согмент, Газ, Чарбак айылдарынын 60ка жакын жашоочулары өзбек тополоңчуларынын курчоосунда калып, алардын таш бутасына кабылышкан. Бул окуядан үч кыргыз атуулу жабыркап, кыргыз атуулдарына тиешелуу үч автоунаанын айнектери талкаланган. Өзбек атуулдарынын мындай аракеттерин чек арачылар эскертүү иретинде ок атуу менен араң токтотушкан.
Кыргыз тарап кошуналардын мындай мамилесинен сон Хушяр айылына барчу сууну жаап салган.
Акыркы маалыматтарга караганда, бул аймакта кырдаал дале курч бойдон калууда. Эки өлкөнүн кошуналаш Баткен жана Фергана облустарынын жетекчилери коопсуздукту сактоонун, эки элдин ортосундагы чырды ырбатпай токтотуунун аракетинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG