Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

5-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 5-майда Кыргызстанда күн бүркөлүп ачылып турат. Күндүз айрым облустарда кыска мөөнөттө жамгыр жаайт.
Түштүк батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
Талас дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28 градус
Чүй, Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29 градус ысык болот
Нарын аймагында түнкүсүн +7...+12, күндүз +22...+27 градус жылуу
Ысыккөлдө түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23 градус
Бишкек шаарында сейрек булут каптап турат. Кечкуруун күн күркүрөп, жамгыр себелеши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +26...+28 градус.

Жаңылыктар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG