Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Бүткүл дүйнөлүк салык төлөөчүлөр ассоцациясынын президенти Бьерн Тарас Вальберг Кыргызстанда


БИШКЕК. Кыргызстан ыңкылап өткөрдү, эми дагы бир ыңкылап - салык системасын өзгөртүү керек. Ишкерлер өзүнчө ассоцация түзүп, өз алдынча иш алып баруусу зарыл. Алардын ишкердүүлүгүнө мамлекет кийлигишпеши керек. Дүйнөдө өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү теңдеш салык төлөмдөрүн Кыргызстанда да колдонуунун ыңгайы келгенин Бүткүл дүйнөлүк салык төлөөчүлөр ассоцациясынын президенти Бьерн Таррас Вальберг 4-майда маалымат жыйынында билдирди. Ал вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов менен болгон жолугушууда Кыргызстандын салык кызматкерлеринин коррупциялашканын баса белгилеп, салык текшерүүлөрүн кыскартууну жана коррупцияга каршы чара көрүүнү сунуштаган.

XS
SM
MD
LG