Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:23

Депутаттык топ Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорун сунуштады


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти беш жылдык мөөнөткө бир гана ирет шайланышы керек. Мындай демилгени Конституциялык кеңешменин жумушчу тобу көпчүлүк добуш менен колдоду. Бул көз караш «Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү» депутаттык топ сунуштаган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда аныкталды. Бул жолку отурумга өкмөттөн вице-премьер министр Адахам Мадумаров катышты. Макулдашууга ылайык жумушчу топко тараптардын ар бири өз концепциясын сунушташы керек. Отурум тараптарга өз долбоорлорунун акыркы үлгүсүн сунуштоого 15-майга чейин мөөнөт берди.
Мындан бир күн мурунку отурумда кеңешменин төрагасы жана спикер Өмүрбек Текебаев президенттин бийлиги күчтүү парламенттик республикага өтүүнү жактаган долбоорун сунуштаган. Конституциялык кеңешменин курамына өкмөттөн, парламенттен, соттон жана жарандык коомдон 114 мүчө кирген. Алардын ичинен туруктуу орган саналган жумушчу топко 24 киши тандалып алынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG