Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:44

Кыргыз-өзбек чегарасындагы эки айыл ортосунда нааразылык курчуп баратат


БАТКЕН. Баткен районунун Чарбак айылы менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Хушяр айылынsy чектешкен жеринде кырдаал абдан оорлошуп баратат. Кыргыз тараптан чогулган 100, өзбек тараптан чогулган 500 чакты эл өз талаптарын койууда. Өзбек тараптын талабы: чектеш жердеги жайыттарды эки тарап тең бирдей колдонуу жана Согмент айылындагы чек ара бекетин алып таштоо, ал эми кыргыз тарап чек араны тактоону, жайытты мыйзам чегинде колдонууну талап кылууда. Учурда Баткен облусу менен Фергана облусунун бийлик өкүлдөрү өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул окуя кыргыз чек арачылары Чарбак айылына жакын жерге мал багып чыккан өзбек атуулдарынан документ сурап, алар андан баш тартуу менен каяша айтуусунан чыккан чырдан тутанып отурат. Мындай маалымат Баткендеги “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунан алынды.

XS
SM
MD
LG