Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Украинанын жогору сыйылыгын президент Ниязов атасы үчүн алды


Украинанын президенти Виктор Юшенко Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязовдун Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон атасын орден менен сыйлады.
Ярослав Мудрый ордени тапшыруу аземи Ашхабаддагы Ниязов атындагы сарадайда шаршемби күнү өттү.
Укринанын “Нефтегаз” ширкетинин башчысы Ивченко орденди Юшенконун атынан тапшырып жатып, мындай деди:

-Өлкө президенти Юшенко мени өз атынан Украинанын эң мартабалуу Ярослав Мудрый орденин сиздин курман болгон атаңыз Атамурда Ниязов үчүн сизге тапшырууну өтүндү. Сиздин атаңыз Улуу ата мекендик согушта биздин ата журтубузду, анын ичинде Украинанын бошотууда курман болгон 740 миң түркмен эр азаматтардын символу.

XS
SM
MD
LG