Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Түштүк Кореяны Түндүк Кореянын ядролук программасы камтама кылууда


Түштүк Кореянын тышкы иштер министри анын өлкөсүн Түндүк Кореянын ядролук программасы аябай тынчсыздандырып жатканын маалымдады.
Бан Кимундун билдиришинче, Түндүк жана Түштүк Корея, Кытай, Россия, Япония жана Кошмо Штаттары катышкан көп жактуу сүйлөшүү жылбай токтоп калды:


-Түндүк Корея азыркы жагдайда алты жактуу сүйлөшүү белгисиз мөөнөткө чейин токтоп турганы болбосун түшүнүшү керек жана дембе-дем эле негизсиз доомат кылууну токтотуусу абзел.

Эл аралык коомчулуктун нааразылыгына карабай, Пхенян өзүнүн ядролук программасын, анын ичинде атомдук курал жасоону улантууда.
Пхеньян апта башында эле кыска аралыкка учуучу ракетаны Япон деңизине атып сынаган.

XS
SM
MD
LG