Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАСЫ БУУНУН ЖЫЙЫНЫНДА БАШКЫ ТЕМА БОЛДУ


Жаңыл Жусупжан, Прага Нью-Йоркто өтүп жаткан Бириккен Улуттардын ядролук куралды таркатпоо келиши боюнча конференцияда Иран өзүнүн ядролук отунду байытуу программасын катуу көзөмөлдөө чакырыктарын сынга алды. 1970-жылы кабыл алынган келишим боюнча талкуунун алгачкы эки күнүндө Иран менен Кошмо Штаттарынын кайым айтышуусу атомдук куралдын жайылышын тизгиндөөгө байланышкан талылуу маселелердеги жылышка кедерги болот шекилдүү.

: Жер шарында ядролук куралды таркатпоону максат кылган конференция азырынча чыңалууну гана күчөттүүдө.

Жыйындын алгачкы эки күнүндө Кошмо Штаттары менен Иран мамлекеттердин кош максаттагы ядролук технологияга ээ болуу укугу боюнча кагылыша кетишти. АКШнын курал көзөмөлдөө адиси дүйшөмбүдө уранды байытуу жана кайра иштетүү программасын токтотуу менен Иран дүйнөнүн ишенимин калыбына келтириши керек деп айткан эле. Бирок эртеси Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази анын өлкөсү мыйзамга каршы келбеген ядролук технологиялардын бардык түрлөрүн өнүктүрүп, анын ичинде уранды байытууну уланта берет деди.

– Куралды жайылтоого жамынып алып айрымдар тынчтык максаттагы ядролук техонолгияларды технологиялык жактан өнүккөн мамлекеттердин тандалма тобунун гана энчисине ыйгарып жаткандыгын кабылдоо мүмкүн эмес, - деп айтты Харрази. Анын сөзү боюнча, курал таркатпоо келишиминин шартына ылайык, Иран уранды байытууга укугу бар жана бул ишти Эл аралык Атомдук Энергетика агенттигинин эң тыкыр көзөмөлү астында жүргүзүүгө даяр.

Дүйнөдө ондогон мамлекет ядролук курал жасоого пайдаланылышы мүмкүн болгон ядролук реакторлорго ээ же ошондой реакторлорду куруп жатышат. Бирок Кошмо Штаттары жашыруун ядролук программасы жок экендигин далилдөөдө Иран сыяктуу өлкөлөргө талап жогору болуш керек деп эсептейт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Ричард Баучер: - Иран ядролук коркунуч түзбөй тургандыгына эл аралык коомчулукту ишендирүүнүн жолун табышы керек, - деди. Аналитиктердин арасында да Иран башкалардын ишенимин бекемдеши керек деп эсептегендер бар. Алардын бири Давид Олбрайт Ядролук курал таркатпоо келишиминдеги кайым айтыш ишти артка тартат деп Азаттыктын кабарчысына билдирди. Олбрайт АКШдагы өкмөттүк эмес "Илим жана Эл аралык коопсуздук институтун жетектейт.

– "АКШ менен Ирандын кыжыңдашуусу Курал таркаптоо келишимин кайра карап жаткан конференциянын ишин создуктуруп жибериши мүмкүн. Жыйын чыныгында АКШнын колдоосу менен европалыктардын Иранды сөзгө келтирүүсүнүн мүмкүнчүлүгү болуп калышы керек, - деди Олбрайт.

Дүйшөмбүдө Эл аралык Атомдук Энергетика Агенттигинин жетекчиси Мухамед ЭлБарадейи ядролук отун өндүрүшүнө көп тараптуу көзөмөл орнотууну сунуш этти. Орусия бул сунушту колдоп, ал эми Кытайдын делегаттары Ирандын ядролук маселесин Атомдук агенттиктин чегинде чечүү үчүн, Европа Союзу менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүнү улантууну сунуш этишти.
XS
SM
MD
LG