Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:08

СОТ БИЙЛИГИНДЕ ТҮЗҮЛГӨН КРИЗИСТЕН КАНТИП ЧЫГУУГА БОЛОТ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Сот адилеттигине нааразы болгон атуулдар үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинен тарта Жогорку соттун имаратын ээлеп алып турушат. Убагында Аскар Акаев элдин сексен пайызы сот бийлигине ишенбей калгандыгын айтса, парламенттик шайлоодон кийин айрым саясатчылар сот бийлигине калк таптакыр ишенбей калгандыгын белгилешет. Буга байланыштуу учурда коомчулукта канткенде сот бийлигине элдин ишенимин калыбына келтирүүгө болот деген суроо жаралууда.

Сот системасы ар бир өлкөдөгү эң жогорку бийлик бутактарынын бири болуп саналат. Ал эми өлкөдөгү саясий, экономикалык адилетүүлүк ал өлкөдөгү аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлик бутактары өз-өзүнчө эркин болуп, бири-бирин көзөмөлдөп турганда гана камсыз болоору шексиз. Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда сот бийлиги барган сайын көз карандылыгын жоготуп келгендиги эч кимге жашыруун эмес. Мындай көрүнүштү убагында мурдагы мамлекет башчы Аскар Акаев да мойнуна алып, элдин сексен пайызы сот бийлигине ишенбей калгандыгын айткан. Буга байланыштуу учурда сот бийлигине эмне үчүн коомчулуктун ишеними кетти, канткенде мындай абалдан чыгууга болот деген суроо жаралууда. Дээрлик көпчүлүк саясатчылар сот бийлигине элдин ишенбей калышын соңку он беш жылда эң жогорку бийликтин ыйгарым укуктары бир адамдын, тагыраак айтканда Аскар Акаевдин колуна топтолгондугу менен байланыштырып түшүндүрүшөт:

- Сот мамлекет башчысынын көрсөтмөсүз эч нерсе кабыл ала албай калган. Ага мисал катары өткөн жылы мен жана башка бир топ дипломаттардын шайлоого катыштырылбай калышын айтууга болот. Мен ал боюнча Жогорку сотко чейин арыздандым. Жогорку сот убагында менин мындай талабымы четке кагып койгон. Ал эми бүгүнкү күнү Жогорку сот өкүлдөрү ошол биздин чечимибиз туура эмес болгон деп жер карап отурушат. Анын артында ким турган. Президент өзү турган. Демек мунун бары бийликтин бир адамдын колуна топтолушу менен түшүндүрүлөт.
дейт белгилүү саясатчы Медеткан Шеримкулов.

Ошол эле мезгилде коомчулукта сот системасын учурда түзүлгөн оор абалдан чыгаруу боюнча да түрдүү пикирлер орун алууда:

-Конституциялык реформа учурунда соттордун көз-карандысыздыгын камсыз кылган эрежелерди киргизүү зарыл. Алардын айлык акысын көтөрүп, кызматка дайындоо мөөнөтүн жогору кылыш керек. Тажырыйбалуу сотторду өмүр бою шайлоо керек. Аларды кызматтан алуу тартибин да өзгөртүү зарыл. Ошол эле мезгилде соттордун акыйкатсыз чечим кабыл алган учурдагы аларды жоопкерчиликке тартуу маселесин кайрадан кароо керек.

ушундай сунушун айтат Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов. Ал эми Конституциялык соттун судьясы Марат Каипов өлкөдө бирдиктүү бир сот системасы болуш керек дейт:

- Менин оюмча Кыргызстанда бир эле сот системасы болуш керек. Конституциялык сот чече турган маселелерин Жогорку сотко эле берип койсо болот. Бул өз мезгилинде өлкө казнасына да үнөм болмок.

Белгилей кетүүчү нерсе, 22-апрелден тарта Кыргызстанда Жогорку сот өз ишмердүүлүгүн жүргүзбөй келет. Карапайым атуулдар, жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку сот Аксы окуясы жана парламенттик шайлоодо туура эмес чечим кабыл алгандыгын белгилешип, Жогорку сот төрагасын кызматтан кетирүүнү талап кылышууда. Ал эми Жогорку Кеңеш Жогорку сот төрагасынын арызын кароону кворум жоктугуна байланыштырып, он экинчи майга жылдырды. Өлкөдөгү сот системасын өзгөртүүнү камтыган Конституциялык реформа жакынкы күндөрү болбоорун эске алганда, учурда сот бийлигинде түзүлгөн кризистен кантип чыгууга болот деген да суроо туулбай койбойт. Конституциялык сот судьясы Марат Каипов Жогорку соттун төрагасынын арызын кабыл алып, анын ордуна башка бирөөнү шайлоо жолу менен абалдан чыгууга болот дейт:

- Эгерде бул кызматка иштин көзүн билген адамды шайласа, кырдаалдан оңой эле чыгып кетсе болот.

Ал эми айрым байкоочулар Курманбек Осмоновдун ордуна башка бир судьяны шайлоо менен эле элдин сот бийлигине ишеними калыбына келбээрин айтышып, Жогорку сот төрагалыгына учурдагы судьялардын арасынан эмес, кесиби юрист болгон элге кадыр баркы бар саясатчылардан шайлоо керек дешет.
XS
SM
MD
LG