Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

'Ал-Каиданын' жетекчилеринин бири Пакистанда кармалганын АКШ кубаттайт


"Ал-Каида" террордук уюмунун Пакистан боюнча жетекчиси, Абу Фараж ал-Либби деген адам Пакистанда кармалганын АКШ жетекчилиги кубаттоо менен кабыл алды. Президент Жорж Буштун айтымында, бул Пакистан өкмөтүнүн ири жеңиши:

- Биздин террорчулукка каршы согушубузга Пакистан жигердүү катышып жатканына мен алкыш айтам. Пакистан өкмөтү жана президент Мушарраф чалгындоо маалыматтарына таянып, ал адамды кармаганына мен алкыш айтам. Бирок согуш уланууда. 'Ал-Каида' толук кыйратылмайынча, биз өз чабуулубузду улантабыз, - деди президент Буш.

Пакистан өкмөтүнүн айтымында, президент Первез Мушаррафтын өмүрүнө каршы мурда уюштурулган эки кол салуунун артында дагы ал-Либби турган. Өзү Ливияда туулган бул адам 2-май күнү Пешавар шаарынан алыс эмес жерде колго түшүрүлдү.

XS
SM
MD
LG