Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Иракта кечээ күнү ар башка жардыруулардан алтымышка жакын адам курман болду


Ирактын түндүгүндөгү Арбил шаарында кечээ күнү бир жан кечти өзүн өзү жардырып жибергенден кеминде 50 адам курман болуп, ондогон башка киши жараат алды. Андан бир нече саат өтпөй, борбор калаа Багдад шаарынын өзүндө да бомба жарылгандан Ирак армиясынын тогуз аскери набыт кетип, дагы жыйырмадай киши жарадар болду. Ирактагы болгариялык аскерлердин жетекчилигинин айтымында, 3-май күнү Басра шаарында эки болгариялык аскер курман болгон, ал эми Дания өкмөтү өзүнүн 530 аскерин Иракта эмдиги жылдын февралына чейин калтырмай болду.

XS
SM
MD
LG