Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА ЭЛДИН ҮМҮТҮН АКТАЙ АЛАБЫ?


5-май Эгемен Кыргызстанда Конституцияны кабыл алган күн катары саналат. Бирок бул күнгө коомчулук да, расмий бийлик да өзгөчө маани берген жок. Муну байкоочулар март ыңкылабынан кийин көтөрүлгөн конституциялык реформа менен байланыштырышууда. Күтүлүп жаткан кезектеги конституциялык реформа коомчулуктун үмүтүн актай алабы?

Кыргызстанда демократиялык түзүлүштүн пайдубалын көтөргөндөрдүн баамына караганда, 1993-жылкы Конституция андан кийин өзгөртүлгөн бардык баш мыйзамдардан демократиянын талаптарына төп келгендиги менен айырмаланып турат. Ошого карабастан, тилекке каршы, алгачкы Конституция өткөн жылдар аралыгында төрт ирет өзгөрдү. Муну саясатчылар бир кишинин кызыкчылыгына кызмат кылуунун кесепети катары баалап жатышат. Март окуясынан кийин Конституциялык дагы бир реформа жасоо демилгесин Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова көтөрүп чыкты. Анын пикиринде:

-1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституция бир нече ирет өзгөрдү. Айрыкча, 2002-жылдын этегинде жана 2003-жылдын башында киргизилген өзгөрүү, эсиңиздерде болсо февралда болгон өзгөрүү мындай келечек бизге керек деген пикир айта албагыдай кырдаалды түздү.

Баекова демилгеге байланыштуу март айынын этегинде уюштурган маалымат жыйынында ушундай пикирин билдирген.

Анткен менен ал кездеги президент Аскар Акаев референдум аркылуу кабыл алынган акыркы өзгөртүү чыныгы президенттик-парламенттик башкарууга алып келди деп, жамы журтту ишендирүү аракетин кылган. Бирок, коомдук-саясий чөйрө муну жалганга чыгарып келет. Мындай пикирин акыркылардан болуп Конституциялык кеңешменин жумушчу тобунун отурумунда «Менин өлкөм» саясий партиясынын башчысы Зайнидин Курманов билдирди:

- Акаев, маселен, бардык иштерге киришчү. Анткени, президенттин башкы мамлекеттик кызматкер катары бардык жерде өз кызыкчылыктары бар болчу. Ал керек болсо менчик ишканалардын башчыларын дайындачу. Бийликтин бардык үч бутагы хандын айтканын күтүп отурушчу. Жумуш керек болсо бардыгы ханга, анын аялына, же кызына барат. Ушинтип жүрүшчү.

Ал эми Аксы окуясынан кийин жасалган 2003-жылкы Конституциялык реформада жумушчу топтун мүчөсү болгон саясатчы Жыпар Жекшеевдин айтымында, Аскар Акаев бул реформада деле адаттагыдай өзүнүн жеке бийлигин күчөтүп алган:

- Эң жакшы шарттарды киргизгенбиз. Ошонун баарына башын ийкеп, баарына макул болуп отуруп, Акаев бизди алдай берген экен да. Анан күтүлбөгөн жерден эксперттик комиссия түзө койду да, акыры өзүнүн мурунтан бери эле көмүскөдө даярдап жүргөн вариантын чыгарып туруп, референдумга коюп, өткөрүп салды.

Жыпар Жекшеевдин пикиринде, келерки Конституциялык реформаны жеке адамдын кызыкчылыгы үчүн эмес, демократиянын өнүгүшү үчүн кызмат кылууга ыңгайлаштыруу үчүн бардык аракеттерди көрүү зарыл:

- Ириде фундаменталдуу принципти тандап алышыбыз керек. Биз кандай мамлекет курганы атабыз? Мисалы, талаш-тартыштар жүрүп жатат. Айрымдары президенттик-парламенттик, айрымдары парламенттик-президенттик, парламенттик, же болбосо премьер-министрдин ролун чоңойтуу жөнүндө айтып жатышат. Мен, мисалы, парламенттик-президенттик башкарууну жактап атам.

Ал эми 1993-жылдан берки Конституциялык өзгөрүүлөрдүн бардыгына үзбөй катышып келаткан саясатчылардын бири Абдыганы Эркебаев чукул ишке кирип жаткан Конституциялык реформадан координалдуу тыянак чыгарынан күмөнсүнүп турат. Бирок, реформага киришкен соң, эми 1996-жылдагы Конституциялык реформада башталган бийликти бир адамдын карамагына ыйгаруу өнөкөтүн кайталабаш үчүн бул ирет чечкиндүү кадамдарга барыш зарыл:

- Азыркы президенттик шайлоого катышуучу эр-азаматтар, кимиси болбосун, сөзсүз түрдө жанагы биз белгилегендерди (мен дагы ошол Конституциялык кеңешмеге кирдим) 15-июнга чейин аны тапшырсак, ошол боюнча сөзсүз булар милдет алышы керек: Конституциялык кеңешме, жумушчу топ негизинен жактырган долбоорду шайлангандан кийин да колдойм деген. Антпесе, кийин мойнуна албай, өзүнүн оюн таңуулап коюушу толук ыктымал.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG