Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

“АЛ-КАИДАНЫН” БАКАНДАЙ АДЫЙЫ КАРМАЛДЫ


Пакистанда “Ал-Каиданын” жогорку жетекчилеринин бири Абу Фараж ал-Либби кармалды. Ага кошуп коопсуздук күчтөрү дагы беш террорчуну туткунга алды. Исламабад бийликтери ал-Либбини 2003-жылы декабрда президент Первез Мушаррафка кол салганы үчүн айыптап,атайын издөө жарыялаган. “Ал-Каиданын” негизги стратеги колго түшкөнүн Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш да чоң алымсынуу менен белгиледи.

Абу Фараж ал-Либби аптанын башында Пакистандын түндүк-батыш провинциясында - Вазиристанда кармалды. Анын кантип жана кандай шартта колго түшүп калганын ырасмий Исламабад маалым кылган жок. Бирок бу жаңылыкты Вашингтондо президент Жорж Буш куш кабар деп атады. Террорго каршы күрөштө кынтыксыз кызматташтыгы үчүн Пакистан өкмөтүнө кол чабам, деп айтты Буш. Фараж ал-Либбини кармап, акыры сот алдында жооп бергенге аргасыз кылганы үчүн да Буш Исламабадга жана президент Первез Мушаррафка ыраазылык билдирди.

Абу Фараж ал-Либбинин азан чакыргандагы аты – Ибрагим. Теги жагынан ливиялык. Учурунда Ооганстанда советтик оккупацияга каршы күрөшкө катышкан, кийин “Ал-Каидага” кирип, Усама бин Ладендин эң жакын шакирти, андан соң иркектеши болгонго жетишкен. Талиптер талкалангандан кийин Пакистанга өтүп, “Ал-Каиданын” бу жердеги жетекчиси Халид Шейх Мухаммеддин орунбасары болгон. Халид Мухаммед мындан эки жыл мурда камалган соң ал-Либби жергиликтүү “ал-каидачыларды” жетектеп калган. 2003-жылы декабрда президент Первез Мушаррафка кол салуу аракети жасалып, анын айынан жазыксыз адамдар жайран болгон. Ошондон тартып Пакистандын атайын кызматтары ал-Либбинин сары изине түшүшкөн. Акыры ушу аптанын башында ал тузакка илинди. Иштин чоо-жайын өлкөнүн ички иштер министри Афтаб Хан Шерпао айткан жок, бирок Абу Фараж ал-Либби чын эле камалганын ырасмий түрдө ырастады. Анын башына он миллион доллар байге сайылганын белгилеп, министр мындан эки жыл мурда президент Мушаррафтын көзүн тазалоо максатында жасалган кыянатчылыкты дал ушул ал-Либби уюштурганын кошумчалады.

“Дейли таймс” гезити исламабаддык атайын кызматтарга шилтеме жасап, ал-Либби “Ал-Каиданын” башчысы Усама бин Ладендин дарегин, ал каерде жашынып жатканын билет деп ырастады. Абу Фараж ал-Либби мындан тышкары “ал-каидачылардын” экинчи адыйы эсептелинген Айман аз-Завахири тууралуу да маанилүү маалыматтарды айтышы мүмкүн. Колго түшкөнгө чейин эле ал-Либби өзүнөн жогорку эки лидер менен такай байланышта турган дешет. Пакистандын маалымат министри шейх Рашид Ахмед тергөө учурунда алына турган маалыматтар бери эле дегенде Усама бин Ладендин сокур тоом изине чыкканга көмөктөшөт деп ишенет.
XS
SM
MD
LG