Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Майлуусуу шаары менен Ноокен районда табият кырсыгы катталды


ЖАЛАЛАБАТ. 4-май күнү түнү жааган нөшөрдөн улам Майлуусуу шаарында сел жүрүп, адырдан агып түшкөн ылай, таштар жолдорду бөгөп, унаа каттамдарын үзгүлтүккө учуратты. Үч көпүрө селге агып, жүздөн ашык үйгө жана электр лампа заводунун бир нече чектерине суу кирген. Он үй-бүлө башка жака көчүүгө муктаж. Шаар башчы Тилек Аканбаевден 5-майда алынган маалыматка караганда, шаардын экономикасы 4 млн. сомго жакын чыгым тартты. Тазалоо иштерине жеке техника менен студенттер, аскерлер тартылды. Ноокен районунда 46 үйдүн короосун суу басып, 50 гектар пахта талаасын сел жууганын облустук чукул кырдаал башкармасы билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG