Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Кулов тил комиссиясынын сынагынан өтөөрүнө ишенет


БИШКЕК. 7-майда президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу лингвистикалык комиссиянын жыйыны башталат. Комиссия президенттикке талапкер болуп катышуу арызын алгачкылардан болуп берген «КДК» партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев, нарколог-врач Жеңишбек Назаралиев жана өнөр жана айыл чарба кызматкерлеринин кызыкчылыгын коргоо партиясынын төрагасы Акбаралы Айтикеевдин мамлекеттик тилди билер билбесин аныктайт. Жеңишбек Назаралиевдин шайлоо штабынан алынган маалыматка караганда, ал сынактан өтөөрүнө ишенет . Ал эми Жыпар Жекшеев өзүн кыргыз тилин мыкты билгендердин катарында эсептээрин жана комиссия бул жолу акыйкат жана калыс болот деген ишенимде экендигин билдирди. Ал эми 2000-жылы лингвистикалык комиссиянын талдоосуна барып, бирок чыгып кетип калган Феликс Куловдун жардамчысы Руслан Чыныбаев Кулов кыргыз тилин үйрөнүп, комиссиянын сынагынан өтүүгө даяр болуп калгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG