Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

Куловдун талапкерлиги президенттикке көрсөтүлдү


БИШКЕК. Ош обласынын Карасуу районунун Учар айлында төртүнчү май күнү кечинде 120 адам катышкан жыйын өткөрүлдү. Жыйындын катышуучулары «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Куловду президенттикке талапкер катары көрсөтүштү. Бул тууралуу партиянын Ош обласындагы координатору Сагын Жоробеков маалымдады. Буга чейин өлкө боюнча президенттик шайлоого катыша тургандыгын ондон ашуун атуул жарыялашты. Алардын ичинде «Арнамыс» жетекчиси Феликс Кулов, белгилүү нарколог дарыгер Жеңишбек Назаралиев, депутат Баяман Эркинбаев жана башкалар бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG