Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Беларустун Киевтеги элчилиги анын алдында өтүп жаткан пикет аяктабаса, өз ишмердүлүүгүн токтото тураарын эскертти


Элчилик бул жөнүндө Украинанын тышкы иштер министрлигин кабардар кылды. 26-апрелде Минскиде украиналык 5 активист кармалган эле. Ага нааразылык иретинде Беларустун Киевтеги элчилигинин жанында 50 чакты киши бир жумадан бери демонстрация өткөрүп жатышат.
Украианалык дипломаттар камакка алынган 5 кишини кое берүүгө үндөгөн. Бирок кошуна жумурияттын Жогорку Соту чакырыкты четке какты.
Украинанын тышкы иштер министрлиги нааразылык акциясы беларус дипломаттарынын ишине тоскоолдук кылган жок деп билдирди.

XS
SM
MD
LG