Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:52

ИСА ПАЙГАМБАРДЫН КАЙРА ТИРИЛҮҮСҮ ЖЕ ПАСХА МАЙРАМЫ


Өткөн жекшемби күнү тарса-христиандардын ортодокс масхабы Иса пайгамбардын кайра тирилген күнүн же Пасха майрамын белгилешти. Иса пайгамбар, ислам диниятчыларынын ишениминде, өзүнөн кийинки жана акыркы пайгамбар Мухаммад алейсалам болорун асманга көтөрүлүп баратып айтып кеткен экен. Иса пайгамбардын кайра тирилүүсү, анын жерге түшүүсүнүн таржымалы ыйык китеп Инжилде жана Кураны Керимде кандай сүрөттөлөт?

Иса машайык мусулмандар тарабынан да өтө урматталган пайгамбар. Куранда Иса ибн Майрам-Майрамдын баласы, абд Алла-Алланын кулу, расул Алла- Алланын элчиси, салых-үгүттөөчү, ал-масих-мессия жана башка сөздөр менен сыпатталат.
Иса машаякка тарсалардын ыйык китеби Инжил, ал эми Мухаммед алейсаламга Кураны керим Алла тарабынан вохий түшкөн. Иса пайгамбар же Христос асманга көтөрүлүп, кайып болуп кетер алдында өз үммөтөрүнө андан кийин акыркы пайгамбар Мухаммед болорун айтып кеткен. Мындай келме Мухаммед алейсалам доорунда Арабия жарым аралында жашаган тарсалар арасында тараган Инжилде жазылган. Ал эми Византия, Рим жана Грекия тарсалары ичиндеги ыйык китепте андай келме болгон эмес. Эмне үчүн?

Италиялык дин таануучу Жованни Бенси:

- Арабия жарым аралында Мухаммед жашап өткөн 7 кылымда көптөгөн тарсалар жана жөөттөр жашашкан. Тарсалар арасында жазма салты бар эле. Ошон үчүн аларда Жаңы Осуяттын жазмалары болгон. Ал Батышта ошол кезде тараган Жаңы Осуяттан айрымаланган. Маселен, Христос асманга көтөрүлүп, кайып болгондон мурда өз үммөттөрүнө-апостолдоруна бул дүйнөдөн кетип жатканын, аларга периклосту, грекче айтканда параклитосту- коргоочу болчу адвокатты калтырганын айтып кетет. Тарсалардын салты боюнча, коргоочу ыйык рухту түшүндүрөт. Демек, Христос дүйнөгө экинчи кыямат кайым келгенче жардамдашуучу Ыйык рухту калтырат.

Ал эми Мухаммед пайгамбарга вохий түшкөн Кураны керимде Иса өлдү деп айтылбайт. “Ниса”, кыргызча айтканда, “Аялдар” сүрөөсүнүн 157-чи аятында дарга колу керилип асылган адам Иса эмес, ага окшогон башка бирөө экени айтылат. Андыктан, “Албетте, Иса жөнүндө талашып-тартышкан адамдар анын (өлтүрүлгөн- өлтүлбөгөнү) жөнүндө күмөндөр калышкан”,-деп жазылган Куранда.

Кыргызстандык дин таануучу Иляс ажы Назарбеков:

-Алла таала Курандын “Ниса” сүрөөсүндөгү 157-аятта Исаны өлдү деген, крестке керип, кагып койду деген туура эмес; Ал өлтүрүлгөн эмес, аны биз тирүү боюнча көтөрүп чыгып кеттик; Аны ким өлдү деген болсо, булар өздөрүнүн болжолуна таянып, күмөндө калат деген сөздөр айткан. Иса пайгамбарды өлтүрөбүз деп ниет кылган адамдар келгенде, Алла аны көтөрүп чыгып кеткен. Ал азыр тирүү. Кыяматтын жакындаганын белгиси катары Иса алейсалам кайра экинчи жолу жерге түшүш керек.

Эң кызыгы, Арабия жарым аралында колдонулуп жүргөн Жаңы Осуятта жанагы параклитос деген сөз периклитос деп жазылып калганы. Бул мусалмандар үчүн абдан маанилүү! Анткени, Жовани Бенси мусулмандар Мухаммедди акыркы пайгамбар деп ырастаганда, дал ушул сөзгө да таянганына көңүл бурат:

- Бул эки сөз өтө окшош. Бул жазмачылардын кандайдыр бир жаңылыштыгынын натыйжасында же түшүнбөстүгүнөн болгон сыяктуу. Переклитос деген сөздүн мааниси таанымал, мактоого арзыган, атактуу дегенди билдирет. Бул араб тилинде Мухаммед деген эле сөз. Мухаммед-демек мактоого арзыган, даңктуу.
Иса машайык Курандагы жаңы пайгамбар-Ахмед, башкача айтканда Мухаммед келет деп айткан жери Жаңы Осуяттын грек тилиндеги жазылмаларындагы паралкитос жана переклитос деген келмелеринен келип чыккан.


Иса машайыктын кайра тирилген күнү православ тарсалардын эң маанилүү майрамы. Бул күнү Иса пайгамбардын дар-крестке колу керилип, асылып коюлгандан үчүнчү күнү кайра тирилип, асманга кайып болуп кетүүсү майрамдалат. Анын туулган жана өлгөн күнү боюнча тарса-католиктер менен тарса –ортодокстордо бир пикир жок экенине Прагада жашап жаткан түркмөн жазуучусу жана дин таануучу Худайберди Халлиев көңүл бурат:

-Эми туурасын айтсак, Иса машаяктын туулган күнү жана өлгөн күнү белгисиз. Католик чиркөөсү бир күндү, ортодокс православдар башка бир күндү айтышат. Ошондой эле бул эки масхаб эки башка күндү айтышат.

- 1-майга караган түнү тарса ортодок чиркөөсүнүн жолдоочулары Пасха майрамын чоң шаан-шөкөттөр менен белгилешти. Чиркөөлөр менен ибадатканаларда Иса пайгамбардын кайра тирилүүсүнө арналган диний жөрөлгөлөр өткөрүлдү.
Москвада өткөн диний ибадаттарга жана Крест көтөрүп басуу салтына 80 миңден ашуун динзар катышты. Бул Орусиянын байтактында соңку 80 жылдагы эң көп эл катышкан диний майрам болду.

Мусулман, тарса жана иудей диндери ыйык күткөн Иерусалимде дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн келген тарса зияратчылар Пасханы майрамдашты.Тарса католиктер Иса пайгамбар кайра тирилген күндү ортодокс диндештеринен эки апта мурда белгилешкен.

Мусулмандарда Иса пайгамбар кайра тирилип, кайып болуп кеткен күн ырасмий түрдө белгиленбейт. Бирок, Худайберди Халлиев айтымында, мусулмандар Исаны пайгамбар катары таанып, урматтаганы талашсыз чындык:

- Биз өзүбүз православ же тарса дининде болбосок да, Иса машаякты аябай сүйөбүз. Жакшы көрөбүз. Себеби, Иса алейсалам Алланын эң улуу пайгамбарларынын бири. Кураны керимдин “Мариям” деп аталган 19- сүрөөсүнүн 16-аятында “Мариямдын кысасын-тарыхын жатта” деп нуска кылынган. Мариям тарыхыны жаттап үйрөн деп бизге Алла таала өзү буйруган. Жалпы мусулмандар үчүн Иса машаяктын туулган күнүн, өлүп тирилүүсүн ар жыл эскерүү, жашоосун жаттап үйрөнүү лаазим, пайдалуу жана сoоп иш.

Иса пайгамбар асманга көтөрүлүп барып, эскертип кеткендей, ал кайра жерге келет. Диниятчы-аалым Ильяс ажы Назарбеков Иса машаяк жерге кайра келгенде, азыркы Сириянын байтакты Дамаск шаарына келерин мындай сүрөттөйт:

- Пайгамбарыбыз Мухаммед алейсаламдын Хадиси боюнча -эртең менен багымдат намазы алдында- эки периште Исаны коштоп, Сириянын борбору Дамаск шаарына алып түшөт. Ал келип токтогон мечитте имам Мехди да болот. Экөө анын бири- бирине “Сен имам бол”, “Сен имам бол” дешип, бир кыйлага чейин сунуш кылышат. Акыр аягында имам Мехди имам болуп, алар багымдат намазын окушат да андан соң чогуу элге чыгышат.
XS
SM
MD
LG