Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

МЕСХЕТТЕР 60 ЖЫЛДАН КИЙИН ДА ТУУЛГАН ЖЕРИНЕ КАЙТА АЛЫШПАЙТ


Жакынкы күндөрү жеңиштин 60 жылдыгы белгиленгени турат. Бирок сталиндик депортацияда жапа чеккен жүз миңдеген адамдар үчүн согуш дале бүтө элек, себеби алардын бир катары туулган жайларына кайта албай келатышат.

Экинчи Дүйнөлүк согуш бүткөндө Клара Бараташвили жарык дүйнөгө келе элек болчу, Бирок азыр жашы 50лөргө таяп калган бул айым атасы Латиф Шахтын 44-жылдын 15-ноябрында башынан кечирген окуяларды төрт баласына айтып бергени күнү бүгүнкүдөй кулагында жаңырып турат:

– Эртең мененки саат төрттө элди төшөктөн тургузуп, бир сөз айтып түшүндүрбөстөн сыртка чыгарып, ай-талаада таң атканча кармашкан. Кийин бир нече жүк ташыгыч машинага отургузуп алып кетишкен. Эң керектүү оокат-кечегин гана алууга уруксат берилген. Менин атам өмүрүнүн аягына чейин коммунизмге ишенген. Ал үйдөн чыгып атканда Сталиндин китептерин алган экен. Ал үчүн эң баалуу нерсе ошол болгон, - дейт Бараташвили.

Арийне, Латиф Шах Бараташвилини жана Грузиянын дагы башка месхет тургундарын Өзбекстанга көчүрткөн адам - ал пир туткан Иосиф Сталин болгон.
Сталиндин эмне үчүн 100 миң месхетти депортациялаганы дале анчейин түшүнүксүз. Айрым тарыхчылардын божомолунда, ал өзү туулган Грузиянын түштүгүн мусулман элементтерден тазалап, Түркия менен согуш чыгып кеткен учурга кам көргөн. Башкалардын айтымында, советтик жол башчы месхеттер жана дагы бир катар улуттар советтик системага жан-дили менен берилген эмес деп шектенген.

Албетте советтик тарыхчылар согуш мезгилиндеги депортацияларды сүргүнгө айдалган элдер 1941-42-жылдары Крым жарым аралын жана Кавказды басып турган нацисттер менен жең ичинен кызматташканы менен түшүндүрүп келишти. 1943-жылдын башында советтик аскерлер Кара жана Каспий деңиздердин аймагында көзөмөлүн калыбына келтиргенден кийин 1 жарым миллиондой киши күчкө салып көчүрүлгөн. Сталиндин НКВД жашыруун кызматтары чагылгандай тез өткөргөн операцияларда крым татарлары, чечендер, ингуштар, карачайлар, калмыктар, балкарлар, булгарлар, гректер, армяндар, күрддөр, хемшиндер, месхеттер жана башка элдер Сибирге жана Борбор Азияга айдалган. Ал эми согуштун башталышында СССРдин батышынан жана борбордук аймактарынан немистер, поляктар, латыш, литвалыктар, эстондор жана финндер Сибирге депортацияланган эле. Баратишвили атасынын Өзбекстандагы алгачкы күндөрү тууралуу айткандарын мындайча эскерет:

– 1944-45 жылдын кышы айрыкча суук болуптур, көп киши ачкадан, сууктан өлгөн. Аларды бага турган эркектер жок болгондуктан, жаңы туулган ымыркайлар энесинин эмчегинен сүт чыкпай, ачкадан чарчап калышчу экен.

Ал кезде эркектердин дээрлик бардыгы согушта жүргөндүктөн, депортациялангандардын көбү аялдар, жаш балдар, кемпир-чалдар болушкан . Эркектерди согуштан кайтып келгенден кийин кармап, сүргүнгө айдашкан.

Месхеттер 1980-жылдардын этегеинде башталган улуттар аралык араздашууда Өзбекстандан качууга аргасыз болушту. Крым татарлары сыңарындай эле месхеттер Сталин өлгөндөн кийин да чындыкка жете алышкан жок.

Грузиянын учурдагы бийликтери сеператисттик Абхазиядан 300 миң грузин качкынын шылтоолоп, маселени артка тартууда. Тышкы иштер министри Саломе Зурабашвили өткөн айда месхетиндер маселеси акырындык менен гана чечилиши мүмкүн деген. Ошону менен месхеттер Грузияга чогуусу менен кайтып келүүгө уруксат алыша элек, азырга чейин Бараташвилиге окшогон миңге жетпеген киши гана кайтып барды. Бараташвилинин атасы Латиф Шах 1956-жылы Грузияга бир ирет барып келгени болбосо, киндик каны тамган жерин кайра көрбөй, советтик Азербайжанда 1984-жылы көзү өттү.
XS
SM
MD
LG