Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Түркиянын мурдагы министри Бириккен Улуттардын агенттигин жетектөөгө дайындалды


Бириккен Улуттардын Жалпы жыйыны кечээ күнү Түркиянын мурдагы каржы министри Кемал Дервишти уюмдун Өнүгүү программасынын башчысы кылып бекитти. Мурдагы башчы Марк Мэллок Браун үстүбүздөгү жылдын башында баш катчы Кофи Аннандын кеңсесинин жетектөөгө дайындалган. Бириккен Улуттардан өзү жардам алган мамлекеттин өкүлү буга чейин уюмдун Өнүгүү программасынын башчылыгына дайындалган эмес, Дервиш кызматка 15-августта киришет.

XS
SM
MD
LG