Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

"ТЕГЕРЕК ҮСТӨЛ" ТАЛКУУСУ: КЕЛЕЧЕКТЕГИ КОНСТИТУЦИЯ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?


Мындан туура 12 жыл мурда – 1993-жылы 5-майда суверендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Конституция кабыл алынган. Бирок ал Аскар Акаев президент болуп турган тушта төрт жолу оңдолгон. 24-марттагы ыңкылаптан кийин коомдо Конституцияны өзгөртүү демилгеси пайда болуп, ушул тушта Конституциялык кеңешме иштеп жатат. «Азаттыктын» бул жолку «тегерек үстөл» талкуусу келечектеги башмыйзам кандай болушу керек, Кыргызстанга мындан ары кандай башкаруу системасы туура келет деген маселелерге арналат. Талкууну Бишкек студиясынан кабарчыбыз Кубат Оторбаев алып барды.

- Саламатсыздарбы, кадырман угармандар! Конституция күнүнө арналган талкуубузга «легендарлуу» парламенттин төрагасы, Конституциялык кеңештин мүчөсү Медеткан Шеримкулов, «Ысыккөл инвест» банкынын президенти, Конституциялык кеңештин мүчөсү Болот Байкожоев жана Кыргызстандын Индиядагы мурдагы элчиси Бакыт Бешимов мырзалар катышып жатышат. Анда менин алгачкы суроом мындай – мына мындан туура 12 жыл мурда кабыл алынган Конституция буга чейин бир нече жолу өзгөрдү. Кандай багытка өзгөрүп, 24-марттагы окуялар эмне себептен келип чыкканы белгилүү. Анан ушул тапта Конституциялык кеңеш иштеп жатат. Андагы негизги маселелердин бири – Кыргызстанга кандай башкаруу системасы ылайыктуу деген суроо коюлуп жатат. Кепти Медеткан мырза, ошол 2003-жылдагы Конституцияны кабыл алууга түздөн-түз катышкан саясий ишмер катары сиз баштап берсеңиз?

- Саламатсыздарбы, “Азаттык” радиосунун угуучулары. Эң биринчи иретте 1993-жылдын 5-майындагы эгемендүү республикабыздын кабыл алынган Конституциясы менен куттуктап коюуга уруксат этиңиздер. 1993-жылкы Конституциябызды кабыл алгандан кийин бардыгыбыз шапкебизди көккө ыргытып, ушундай жакшы демократиялык, бүт дүйнөдөгү демократиялык өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алган жакшы Конституция алдык деп кубанып жүрдүк эле. Ошонун ичинен эң биринчи кыйкырган мурунку президентибиз Аскар Акаев эле. Акаевдин бир сөзү бар эле “биз бул кабыл алган Конституциябызды Курандай сакташыбыз керек. Бизге Курандай ыйык болуш керек” деген. Анан он жылдын ичинде Акаев өзү баш болуп ошол эле Конституцияга референдум менен төрт жолу өзгөртүү киргизди. Курандай сыйлабай койгондугу үчүн, менин оюмча, Куран ургандай эле Акаев өзү баш-аягын таппай качып кетип калды. Чынына келгенде Конституцияга ыйык мамиле жасашыбыз керек. Ал эми башкаруу жөнүндө айта турган болсо, башкаруунун ар түркүн формалары бар. Менин жекече оюм, биринчиден, биз президенттик - парламенттик формадагы бийлик бутагын түзүшүбүз керек. Экинчиси, бийликтин үч бутагынын тең укуктарын теңдеп, ар бир бийликтин бутагы өзүнүн гана функциялары менен иш жасаса авторитаризмге дагы, биринин бийлигинен экинчиси пайдаланып бир бийликтин күчөп кетишине дагы жол бербөөгө болот деп ойлойм.

- Ырахмат, Конституциялык кеңештин мүчөсү катары Болот мырза, сиздин бул маселе тууралуу оюңуз кандай? Медеткан мырза айтып өттү, бийликтин үч бутагынын ыйгарым укуктарын теңдеш керек деп, ушуну жүзөгө кантип ашырыш керек?

- Бакыт Бешимов экөөбүз Германияга барганда, карасак президенттик республикага бет алган мамлекеттердин баарысы тең экономикасы талкаланып, коррупцияга батып отурат. Ал эми парламенттик республикага бет алгандардын баары тең өнүп-өсүп кеткен. Мына азыр Балтика боюндагы үч республика Европа биримдигине мүчө болуп кирди. Ошол эле Болгария, Румыния Европа биримдигине кире албай эмдигиче отурат. Ошон үчүн бүгүнкү күндө бизде кандай болуп атат? Биз кыргыздар кызык эл экенбиз - “Волганын” кошумча тетиктерин “Жигулиге” салгыбыз келет. Ошонун бардыгын топтоп башаламан ассорти кылып атабыз. Бүгүнкү күндө дүйнөнү карап көрсөк, парламенттик республика болгон мамлекеттердин экономикасы, демократиясы өсүп атат. Ошон үчүн биз парламенттик республикага, партиялык тизмеге өтүшүбүз керек. Эмне үчүн дегенде, бүгүнкү күндө элди ошол мандат алабыз деп жер-жерге, уру-уруга бөлүп атабыз. Мына мен эки жолу депутат болдум. Эмнеге жооп берип атты Жогорку Кеңеш? Эч нерсеге жооп берген жок, соода кылып отурду. Анан кийин президент келип, бул маселелерди колдобосоңор эртең түрмөгө отургузам деп коркутканга чейин барды.

- Дагы бир маселе, парламентке көбүрөөк бийлик бериш керек деген сунуштар айтылып жатат. Бирок азыркы парламент кандай жол менен куралганын баарыбыз жакшы билебиз… Бакыт мырза, сөз сизде…

- Биринчиден, Конституцияны 93-жылы кабыл алдык. Ошондон бери негизги принциптер бийлик тарабынан сакталган жок. Эл бийликтин булагы катары өзүн өткөн көтөрүлүштө көрсөттү. Бирок бир коркунуч турат. Мурун Конституциянын негизги беренелери тебеленип аткан, азыр деле ошол практика уланып баратат. Ошондуктан менде бир коркунуч бар. Эл бийликтин булагы болуп туруп, адилеттүү лозунгдарды алып чыгып көтөрүлдү эле. Негизги лозунгдар кандай болду? Акаевдин бийлиги кетсин, балит жол менен шайланган парламент дагы тарасын деди. Акаев өзү качып кетип калды, парламент иштеп атат. Конституция жөнүндө биз сөз кылганда, соп-сонун жазып койсо болот, бирок чиновниктер бары бир өз пайдасына аны буруп салышы мүмкүн. Ошон үчүн мартта көтөрүлгөн элдин адилеттүү көтөрүлүшүн чиновниктердин контрреволюциясы менен аяктап калыш коркунучу турат.

Эми сиздин негизги сурооңузга жооп берсем. Биринчиден, көрөгөч лидерлер элге бийлик булагы катары таяныш керек. Бирок бир да топ, бир да адам эч үстөмдүк кылбашы керек. Үстөмдүк кылбашы үчүн мен келечекте көрөм, Конституциялык кеңеш президентке өкүлчүлүк гана функцияны калтырышы керек. Экинчиден, парламенттин ичинде көпчүлүк добушту алган партиябы же топпу - өкмөттү түзүш керек, мойнуна жоопкерчиликти алыш керек.


- Дагы бир маселе, ыңкылап эмнеден чыкты, ушуга эмне түрткү болду дегенде парламенттик шайлоого элчилердин катышуусуна чек коюудан башталган. Президент болуш үчүн адам Кыргызстанда акыркы 15 жылда үзгүлтүксүз жашаш керек деп айтылыптыр Конституцияда. Элчи катары сиз Медеткан мырза, ушул кепти козгоп, ушуга карата пикириңизди айтсаңыз. Ушул өзгөртүү киргизилеби Конституцияга?

- Элдик нааразычылыктын башы Көлдөн да, Нарындан да, түштүктөн дагы башталган жок. Бишкектен, болгондо дагы дүйнөдө биринчи жолу ушундай практика болуп, өзүнүн өкмөтүнө, бийлигине, президентине каршы ачык чыккан дипломаттар болду. Төрт-беш дипломатты шайлоого киргизбөөнүн аракети менен Акаев баштаган анын командасы, ошонун ичине кошулуп өтүп кеткен парламентти да айтып коюшубуз керек. Анан эми жаңы парламентибизде чоң үмүтүбүз бар эле, барын көрүп-билип туруп дипломаттарга болгон тоскоолдуктарды алып таштайбы деген. Муну да алып ташташкан жок. Чынын айтсам, мен дагы президенттик шайлоого чыгайын деп ойлогом. Менин чыгууга толук мүмкүнчүлүгүм бар. Бирок депуттык шайлоого беш жыл республикада туруу деген чектөө бизге тоскоол болгондон кийин, президент болуш үчүн 15 жыл республикада туруш керек. Мына бул дагы менин жолумду тосуп койду. Ошондуктан мен азыр президенттик шайлоого чыга албай отурам.

- Бакыт мырза, мына сиз Кыргызстандын Индиядагы элчиси болуп туруп, элчилердин шайлануу укугунан ажырап жатканына катуу каршылыгыңызды билдирип, өзүңүздүн граждандык позицияңызды билдирдиңиз эле? Президент болуп шайлана турган адам Кыргызстанда акыркы 15 жыл ичинде үзгүлтүксүз жашаш керек дегенге кандай карайсыз?

- Биз кайсы жакта кыргыз жүрбөсүн, эгерде мыкты болсо аны мамлекеттик жумушка тартып пайдаланыш керек. Мына Прибалтикада америкалык атуулдарды президент катары шайлап атат, аларды тажрыйбалуу деп. Экинчиден, грузиндер француз атуулун тышкы иштер министри катары шайлады. А бизде эмне болуп атат? Биз өзүбүздүн кыргыз инсандарыбызга, болгондо дагы дүйнөлүк коомчулукка аты чыккан адамдарга бут тостук. Ошол саясат азыр деле уланып баратат. Эмне үчүн? Анткени биздин саясий аренада тилекке каршы Акаев баштады эле, анын дагы саясий оппоненттери, оппозицияда жүргөндөр дагы аны тажрыйба катары азыр пайдаланып атат. Бул майдачылык. Саясий атаандашка шарт түзүп бериш керек. Кээ бир мамлекеттерде оппозиция бюджеттин эсебинен жашап жатат. Ал эми бизде атайын тоскоолдуктарды түзөт.

- Дагы бир негизги суроолордун бири: Конституция өзгөргөндөн кийин президенттик жана парламенттик шайлоону кайра өткөрүш керекпи деген маселе. Анткени 1993-жылы 5-майда Конституция кабыл алынгандан кийин 1994-жылдын башында Аскар Акаев жаңы Конституцияга ылайык өз бийлигимди легитимдүү кылам деп, референдумга барган эле. Эми азыркы тапта да Конституция кабыл алынгандан кийин жаңы шайлоо өткөрүү керекпи, Медеткан мырза?

- Кеп биз кандай Конституция кабыл алабыз, ошого жараша болот. Мурдагы 1993-жылдагы кабыл алган Конституцияга толуктоо болуп, өзгөртүүлөр кирип, бирок негизги уңгусу кала турган болсо, анда бул бир вариант. Ал эми жаңы Конституция кабыл алынып, азыркы Конституциябыз түп-тамырынан өзгөрүп, маселен бүгүнкү 5-май Конституция күнү деп жатпайбызбы, жаңы кабыл алынган Конституциябыздын күнү Конституциялык күн болуп кала турган болсо негизинен башкача жазылган жаңы Конституция кабыл ала турган болсок анда башкача болот. Эгерде 10-июлда азыркы Конституциянын негизинде президентти шайласак, бирок Конституциялык кеңешменин киргизген өзгөртүүлөрү нак эле бүгүнкү Конституциянын негизинде кала турган болсо, элдик шайлоого президентти алып чыгуунун кереги жок болуп калат. Мени угуп аткан депутаттар, Медет Шеримкулович биздин парламентти колдобой кайра бизге каршы чыгып жаткан экен, деп ойлобосун. Бирок эгерде жаңы Конституциялык өзгөрүүлөрдүн негизинде парламент прапорцианалдуу жана мажоритардуу системадан болуп кала турган болсо, анда кайра шайлоо өткөрүүгө туура келип калат.

- Ушул эле маселе тууралуу айткыңыз келеби, Болот мырза?

- Медеткан Шеримкуловичке кошумча кылгым келет. Эми бул парламент кандай шайланганын эл билет. Ошонун арасынан он эле киши таза шайланып келбесе, калгандарынын баарысы ыплас технология менен келди. Алар билет ошон үчүн алар бүгүнкү күндө жаңы Конституцияны ар кандай шылтоо менен чоюп, албаганга чейин барат. Бул да дагы бир кыйынчылыкка алып барат. Эмне дегенде азыр эл менен сүйлөшсөң баары тең ошону күтүп атат. Бүгүнкү күндө Конституцияны биз өзгөртпөсөк болбойт. Бакиев ошол боюнча президенттик, парламенттик республика калсын, аз-маз өзгөртүүлөр болсун, өзүнүн полномочиесин парламентке, өкмөткө берсин дегенге мен кошула албайм. Бул адам бийликке келип алып, ушуну күтүп аткан дегендей себеп ойлор кетип атат мага. Эмне үчүн биз революцияны жасадык. Революцияны жалгыз эле Бакиев жасаган жок. Муну эл жасады, ошонун арасында биз да, көп партиялар жүрдү. “Бакиев башында тургандар...” деп туура эмес ой-пикир түзүлүп атат.


- Бакыт мырза сиз кандай ойлойсуз? Конституцияга өзгөртүү-толуктоолор парламент аркылуу кргизилгени оңбу же референдум жарыяланыш керекпи?

- Менимче, Конституциялык реформаны жасагандан кийин аны Жогорку Кеңеш кабыл алгандан кийин сөзсүз референдумга чыгарыш керек. Эл аны тастыктасын. Экинчиден, азыркы парламент жөнүндө мен ачык оюмду айткым келет. Парламент үч бөлүктөн турат азыркы учурда. Бир топ инсандар бар чын эле эл өкүлдөрү деп айтсак болот. Алар округдарына барса кайрадан эле шайланат, көрөсүздөр. Алар өздөрүнүн ишин таза алып барат. Экинчи бөлүк - булар күнөстүү күндүн күкүктөрү. Булар шамал каякка соксо ошол жакка кете берет. Кечээ Акаев менен эле, бүгүн ким чакырса ошол жакка кете берет. Үчүнчү бөлүк - булар чынын айтканда - кылмышкерлер. Ошону көрүп туруп жалпы парламентке салгандын кажети жок деп эсептейм. Бул конституциялык референдум өткөндөн кийин, чыныгы реформаны башташыбыз керек. Жаңы парламентти түзгөндү баштышыбыз керек. Регионалдуу бөлүнүү боюнча мен бир эффективдүү жолун билем, партиялык тизме менен депутаттар шайланышы керек. Ошол көпчүлүк добуш алган партия өкмөт түзүш керек. Ушундай жолго өтөлү, акыры биз өнүгөлү десек.

- Анан дагы бир маселе – Конституциялык кеңештин жумушчу тобунда президент бир гана мөөнөткө беш жылга шайлансын деген сушуш кириптир? Ушул туурабы? Анан дагы бир маселе – экс-президентти жана анын жакындарын мамлекеттин эсебинен камсыз кылуу керекпи деген маселе турат. Ушуга кандай карайсыз, Болот мырза, сөз сизде?

- Мен буга кошулам, президент бир эле мөөнөткө шайланыш керек. Дүйнөнүн практикасы бар, Түштүк Корея беш жылга шайланат. Бүгүнкү күндө президенттин үй-бүлөсүнө карасак - бюджеттен канчалаган акча кетип атат. Бүгүнкү күндө бюджет жабык. Мына азыр санап көрсөк кайтаруусу президентке эле бир миң киши иштейт. Ошонун баары тең президенттин тегерегинде. Канча миллион, миллиарддаган бир облустун акчасы жалгыз президенттин үй-бүлөсүнө кетчү экен. Ошон үчүн президент өзүнүн өкүлчүлүк функциясы менен туруп, анан баскан-турган акчасынын бардыгы кайда кетип атканын эл көрүп турушу керек.

- Медеткан мырза, сизде да кошумчалар барбы?

- Биринчиден, президенттин полномочиелери жөнүндө, азыркы биздин Конституция боюнча супер президенттик мамлекет болуп калган. Себеби Акаевге берилген полномочиедей полномочие дүйнөлүк Конституцяларды карап көрсөңөр аз эле. Ашып кетсе бир-эки эле мамлекетте болушу мүмкүн. Президенттин мөөнөтү канча болуш керек? Мында ар түркүн ойлор болушу мүмкүн, беш жыл, жети жыл деши мүмкүн же болболсо эки жолу беш жыл. Мунун ар түркүн вариаты бар. Маселен мен ойлоор элем - эң негизи президенттин постуна ушунчалык эле атсалышып, чоң аракеттер менен элди сатып алууга чейин, кара пиярлар менен баргандан көрө, президенттин чын эле полномочиесин кыскартыш керек. Эң негизи анын мөөнөтүндө эмес кеп, кеп анын полномочиесинде.

- Анан дагы бир экинчи проблема, экс-президентти жана анын жакындарын мамлекеттин эсебинен камсыз кылуу керекпи деген маселе талылуу болуп турат. Ушуга кандай карайсыз?

- Мына ушул өзгөртүү 1996-жылдын 10-февралындагы референдум аркылуу киргизилди эле. Мен ошондо абдан каршы чыгып, гезиттердин баарына жазып, радио, телевидениеден өзүмдүн оюмду айттым эле. Дүйнөдө андай практика жок. Ал эмес Американын президенти госдепартаменттин, конгресстин чечими менен бюджеттен гана акча каралат. А биздики болсо эч кандай көзөмөлү жок, жалгыз гана президенттин үй-бүлөсү менен, кеткенден кийин дагы мамлекеттин мойнуна минип алат деген, бул эч бир жарашпаган, туура келбеген, байкуш элдин шору болуп калат. Ошонун баарын тең Конституцияга өзгөртүү киргизип жатканда алып ташташыбыз керек.

- Бакыт мырза, сөз сизде?

- Президент беш жылга шайланышы керек, ошону менен эле чектелиш керек. Келечекте балким президенттин өкүлчүлүк эле милдеттери калгандан кийин парламент аркылуу эле президентти шайлап койсо болот. Экс-президент боюнча, азыр экс-президенттин абалы жөнүндө келечектеги боло жаткан президенттик шайлоого экинчи бюллетен киргизиш керек. Ошондо элден сураш керек, экс-президент Акаевдин мурдагы жеңилдиктери сакталсынбы же сакталбасынбы деп. Эл чечсин!..

- Анда сиздерге ырахмат. Кадырман угармандар, сиздер «Азаттыктын» “тегерек үстөл” талкуусун уктуңуздар. Бул ирет биз Конституция күнүнө карата келечектеги Конституция кандай болуш керек деген маселени талкууладык. Ага «легендарлуу» парламенттин төрагасы, Конституциялык кеңештин мүчөсү Медеткан Шеримкулов, «Ысыккөл инвест» банкынын президенти, Конституциялык кеңештин мүчөсү Болот Байкожоев жана Кыргызстандын Индиядагы мурдагы элчиси Бакыт Бешимов катышты. «Тегерек үстөл» талкуусун мен Кубат Оторбаев алып бардым.
XS
SM
MD
LG