Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

ДҮЙШӨНКУЛ ШОПОКОВДУН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН МЕЛДЕШ АЯКТАДЫ


6-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Ата Мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Салтка айланган бул мелдеште Германия, Малайзия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын тандалган 128 спортчусу күч сынашты.

Жеңиштин 60 жылдыгына туура келген турнирдин эң жеңил салмактагыларынын финалында малайзиялык Замсай Азизи караколдук Залкар Абдраевди утуп алды. Жеңил салмакта оштук спорт чебери Авазбек Абдуллаев жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.

54 кг. салмакта кочкордук Сапарбек уулу Тилек баш байгенин ээси болуп, “мелдештин мыкты боксчусу” сыйлыгына арзыды. Тилек быйылкы турнир жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи:

- Быйылкы мелдеш жакшы деңгээлде өттү. Байгелери да дурус болду. Максатым- Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, чемпион болуу.

Мелдешке Казакстандын 4 шаарынан команда келип, алматылык Аскарбек Калпаков менен чымкенттик Канат Орокбаев баш байгени утуп, биринчи орунду ээледи. Казакстандык спорт чебери Мухтар Бирбай мелдешке экинчи ирет келгенин айтып, таймашуулар курч мүнөздө болгонуна токтолду:

- Айтмакчы, чынында бокстан Казакстан менен Өзбекстан лидер болуп келсе, кийинки учурда Кыргызстандан дагы мыкты жигиттер чыга баштады. Сиздердин бокс мектебиңер да бизден калышпайт. Төрт күндүк мелдештин жүрүшүндө Германия, Малайзиядан келгендерге караганда өзбекстандык спортчулар айырмаланышты. Жыл өткөн сайын бул турнирдин деңгээли жогорулап баратат.

Афина олимпиадасынын катышуучусу канттык Асылбек Таласбаев былтыркы жеңишин быйыл дагы бекемдеди. Ал 60 кг. салмактагылар менен атаандашты.

Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеште өзбекстандык Бекзатбек Юнусов финалдын биринчи раундунда ысыккөлдүк Каныбек Эгембаевди терең нокаутка кетирип, баш байгеге арзыды.

Ошондой эле өзбекстандык Шухрат Русменов жана Жасур Матчанов биринчи орунду утуп алышты. Мелдешке жаштарды сыноо үчүн алып келгенин, Москвада жайында өтүүчү дүйнө биринчилигине даярдык катары таймашууга катыштырганын Өзбекстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бактияр Миңбаев белгиледи:

- Бул жолу атайын жаштарды сындан өткөрүү үчүн алып келдик. Финалга беш жигитибиз чыгып, үчөө жеңүүчү болду. Москвадагы таймашуунун алдында даярдыктын бир этабы болду, бул турнир.

Быйылкы турнирде жалалабаттык боксчулар чебердигин көрсөтө алышты. 75 кг. салмакта Бекзатбек Исаев финалда өзбекстандык Апос Атаевди утуп, жеңүүчү деп табылды. Таймаштан кийин Бекзатбекке жолукканда, күзүндө дүйнөлүк чемпионатка бараарын, негизги максаты Пекиндеги олимпиадалык оюндарга жолдомо алуу экенин айтты:

- Быйылкы мелдеш абдан курч мүнөздө өтүүдө. Атаандаштарым дагы жакшы даярдык менен келиптир. Мына азыркы өзбекстандык Апос менен болгон беттешүүгө күбө болдуңуздар. Апоско баа берем, келечекте мыкты бокс чебери болмокчу. Алдыдагы максатым- дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын сактоо, 2008- жылы Пекинде өтчү олимпиадалык оюндарга жолдомо жеңип алууга жетишүү.

Эл аралык мелдештин оор салмактагы жеңүүчүсү оштук спорт чебери Шерзат Тургунов болду.

Эл аралык чоң мелдештерге баруу менен гана чеберчилик өсөөрүн, жаштарга жакшы шарт түзүлсө гана ийгиликтерге жетүүгө болоорун өлкөнүн бокс федерациясынын вице- президенти Райкан Алканов белгиледи:

- Олимпиадалык оюндарга 4-5 жыл үзбөй даярдык көрүү зарыл. Афина олимпиадасы Кыргыз боксунун ал- абалын таразалап койгон. Эл аралык чоң мелдештерге баруу менен гана чеберчилик жогорулайт. Эгерде биздин жаштарга жакшы шарт түзүлсө ийгиликтерге жетүүгө болоорун көрсөттү. Кыргыз боксунун келечеги бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG