Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

ТОНИ БЛЭРДИН ПАРТИЯСЫ ПАРЛАМЕНТТЕ КАТАРЫ МЕНЕН ҮЧҮНЧҮ ИРЭЭТ ҮСТӨМДҮК КЫЛЫП КАЛДЫ


Бейшембиде британ премьери Тони Блэрдин Лейбористтик партиясы парламенттик шайлоодо тарыхый жеңишке э болду. Тони Блэр катары менен үчүнчү жолу парламенттик шайлоодо жеңип чыккан алгачкы лейборист лидер болуп калды. Бирок анын партиясынын жаңы парламенттеги үстөмдүгү мурдагыга салыштырмалуу кыйла азайды. Буга Ирактагы согуш олуттуу таасир тийгизгенин британдык саясатчылар белгилөөдө.

Жума күнү эртең менен Британиянын Сежфиилд (Sedgefield) жергесинде Тони Блэрдин (Tony Blair) жактоочулары лейбористтер партиясы дагы бир жолу жеңишке жеткени тууралуу кабарды шаттанып тосуп алышты.

Албетте, Лейбористтер партиясы үчүнчү ирет жеңип отурат, бирок бул жолу алар мурдагыга караганда алда канча азыраак добуш алышты. Эми лейбористтер парламентте башка атаандаштардан болгону 65-70 депутаттык орунга гана көптүк кылышат. Буга чейин лейборист депутаттар 161 орунга көптүк кылып келишкен.

Премьер Тони Блэр бул жагдайды эч унутпоо керектигин айтып, шайлоочулардын тилин табуу үчүн өз партиясы болочокто бар күчүн сарптай турганын жума күнү белгиледи.

- Биз эл эмнеге кызыкдар экендигин аныктап, ошол нерселерге, ошондой эле дал ушул шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө алар мага айткан суроо-талаптарга орчун көңүл бөлүшүбүз керек.

52 жаштагы Британ премьери өз өкмөтүнүн Ирактагы саясатына ирээнжигендер көп экенин да мойнуна алды, бирок Ирактын да, Британиянын да жаркын келечеги үчүн санааркоо британ атуулдарын кайрадан баш коштурат ко деген үмүтүн айтты.

Лейбористтер партиясынын мурдагы мүчөсү Жорж Гэлловэй (George Galloway) мырза Лондондогу мусулмандар басымдуу болгон шаар бөлүгүндө чыгып сүйлөп, Тони Блэрди Ирактагы согушту жактагандыгы жана Вашингтон менен бирге аны баштагандыгы үчүн айоосуз сынга алды:

- Блэр мырза, бул – Ирак саясаты үчүн болду. Сиз туш болгон жеңилүү да, Жаңы Лейбористтер ушул кечте туш болгон жеңилүүлөр да Ирактын азабынан болду. Сиз өлтүргөн кишилердин баары тең, сиз айткан жалган кептердин баары тең кайра өзүңүздү такымдаган соккуга айланды. Лейбористтер партиясынын жасай турган эң жакшы иши – бул эртең эртең менен иш башталаар замат дароо сизди кызматтан айдап салуу болоор эле.

Гэлловэй жакында «Урмат» (Respect) деген жаңы партияны негиздеген. Гэлловэй Лондондун бир чөлкөмүндө өз талапкердигин коюп, лейборист атаандашын жеңип чыкты.

Лейбористтердин башкы атаандашы болгон Консерваторлор партиясынын жетекчиси Майкл Ховард (Michael Howard) өз партиясы жеңилиш ызасын тартып жатканын мойнуна алганы менен, мурдагыга караганда кыйла илгерилөө да болду деген оюн ортого салды:

- Консерваторлор партиясы үчүн, менимче, бул шайлоо күнү жүзөгө ашкан иш – биздин кризистен оңоло баштаганыбызды айгинелеген олуттуу илгери жылыш болду. Мен биз жүргүзгөн өнөктүк үчүн сыймыктанып турам.

Айтмакчы, Торилердин бул лидери ушул тапта 63кө келип калганын жана партиянын жаңы жетекчилигине башка саясатчыны тандоо маселеси күн тартибине коюлушу керектигин жума күнү билдирди.

Ал эми лейбористтерге келсек, Тони Блэр жаңы өкмөт түзүүгө камынууда. Бирок эртеби-кечпи, Блэр өз кызматын бошотуп, ордуна каржы министри Гордон Браун келээри тууралуу айың кептер «Тумандуу Албиондо» байма-бай жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG