Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

БШК мигранттардын шайлоого катышуусун камсыздоо аракетин көрүүдө


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз атуулдарынын президенттик шайлоого катышуу маселесин чечүү сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылды. Анда Кыргызстандын элчилиги, консулдук кызматы жок Орусиянын жети шаарында добуш берүүнү уюштуруу маселеси козголгон. Мыйзамга ылайык шайлоо участкаларын элчиликтерде жана консулдук кызматтарда гана ачууга болот. Ошондуктан Москва, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларынан сырткары Орусиянын дагы жети шаарында байкоочулардын көзөмөлү астында добуш берүүнү мыйзамдаштыруу сунушталган. Бул тууралуу 6-майда Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка Караганда, президенттикке ат салышууга Борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшырган эки талапкер Жыпар Жекшеев жана Акбаралы Айтикеев 7-майда кыргыз тил боюнча сыноодон өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG