Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Бакиев Москвага барат


БИШКЕК. 8-9-майда Москва шаарында боло турган Улуу Ата Мекендик согуштун 60 жылдыгын майрамдоого жана КМШ мамлекеттеринин жетекчилеринин бейформал саммитине Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Авазбек Атаханов 6-майда билдирди. Анын айтымында, Бакиев Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Андан сырткары кыргыз өкмөт башчысынын «Интерфакс» маалымат агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүүсү белгиленүүдө. Курманбек Бакиев Москвага 7-майда жөнөп кетип, 9-майда кечинде кайтып келет. Бакиев 6-майда Улуу жеңиш менен кыргызстандык согуш ардагерлерин жана калкты куттуктады.

XS
SM
MD
LG