Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:25

Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга нота жолдоду


БИШКЕК. Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын айрым ырасмий адамдары, саясат таануучулары тарабынан маалымат каражаттарына берилген интервьюларында ич ара согуштун трагедиясын башынан өткөргөн тажик элине карата одоно айтылган сөздөрүнө тынчсыздануусун билдирди. Нотада айтылгандай, Кыргызстандагы маселелер Тажикстанда 1990-жылдарда болгон согушту мисалга келтирүү менен чечилбейт. Мындай нотаны бул өлкөнүн тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын тышкы ведомстволугунун жетекчилигине жолдоду. Бул тууралуу 6-майда Тышкы иштер министринин орун басары Эркин Мамкулов «Азаттыкка» билдирди. Ал бул нотада козголгон маселе учурда иликтенип жактандыгы жөнүндө мындай деди:

- Биз азыр бул нотаны иликтеп жатабыз. Биз ал жөнүндө өкмөткө да маалымат беребиз. Министрлик биздин тажикстандык өнөктөштөрүбүз көтөргөн суроолорго байланыштуу иштерди жүргүзөбүз.

XS
SM
MD
LG