Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:53

Университет шайлоо округунда мыйзам бузуулар аныкталды


БИШКЕК. №1Университет шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан мурунку президенттин кызы Бермет Акаеванын шайлоо фондун түзүүдө мыйзам бузууларга жол берилген. Мындай бүтүмүн Башкы прокуратура Борбордук шайлоо комиссиясына жазган катында билдирген. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынан жалпы бөлүмүнөн 6-майда кабарлашты. Университет шайлоо округундагы абалды иликтеген Борбордук шайлоо комиссиясы маселе прокуратура тарабынан иликтенүүгө муктаж деп, ишти Башкы прокуратурага өткөрүп берген эле. Эми Борбордук шайлоо комиссиясы прокуратуранын иликтөөсүнүн негизинде №1 Университет шайлоо округундагы маселени кайра карамакчы.

XS
SM
MD
LG