Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанда


БИШКЕК. 6-майда Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Кыргызстандын президентинин милдеттерин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ар тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү боюнча пикир алышышты. Абдулла Гүл Кыргызстандын азыркы өкмөтү коррупцияга каршы күрөшүү багытында алдына койгон маселелерди чече тургандыгына, ошондой эле өлкөнүн экономикасына инвестициялардын агымы токтобой тургандыгына ишенээрин билдирди. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл ушул эле күнү тышкы иштер министрлигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоо акыйкат өтүшүнүн зарылдыгы жөнүндө да айтты:

«-10-июлда өтө турган президентик шайлоо Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Бүткүл дүйнөлүк коомчулукка көрсөтө турган сынак болот. Ошондуктан бул сынакты ийигиликтүү өткөрүш керек деген ойдомун», - деди Абдулла Гүл.

XS
SM
MD
LG